«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өткөн айда Бишкекте өткөн Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко сунуштама тапшырды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, президенттин быйыл 15-августтагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилди. Анда аталган жарлыктар Конституциянын жетинчи жана төртүнчү беренелерине карама-каршы келери көрсөтүлгөн.

“Элдик курултайдын макамы Конституцияда бекитилген. Аны Конституциянын жетинчи беренесине ылайык мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынуусу тийиш. Бирок Элдик курултайдын ишин уюштуруу жана аны өткөрүүнүн тартиби президенттин жарлыгы менен жөнгө салынганы Кыргызстандын Конституциясынын талаптарына жана мыйзамдарына түздөн-түз карама келет”, — деп айтылат фракциянын маалыматында.

Президенттик администрация жана тийиштүү мекемелер азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл 26-ноябрда Бишкекте эки күн бою Элдик курултай өткөн. Ага бардык аймактардан миңден ашуун делегат катышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты