Курултай жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды

  • 1 год мурун

25-26-ноябрда Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында биринчи элдик курултай жыйынтыкталды. Курултайда резолюция кабыл алынды.

Элдик курултайга аймактардан 1036 делегат, конфессиялык коомчулуктан 10 делегат, мигранттардан 26 делегат, жалпысынан 1072 делегат катышты.. 

Жыйында Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү иштин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө кайрылуу жасады.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек  Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы —Президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров делегаттарга мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигиндеги аткарылып жаткан иштер боюнча кыскача маалымат беришти.

Чыгып сүйлөгөндөр өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушу, кемчилдиктер менен ийгиликтер, көйгөйлөр тууралуу айтып өтүштү.  

Элдик курултай сунуш-пикирлерди келтирип, резолюция кабыл алды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты