Курултай тууралуу мыйзам долбоору: Дагы эле чийки болгондуктан күн тартибинен алынды   

  • 1 год мурун

“Элдик курултай тууралуу” мыйзам долбоору парламенттин талкуусуна алынып чыгып, бирок анын чийки, алешем болгондугуна байланыштуу сын-пикирлерге кабылды.

«Элдик курултай тууралуу» мыйзам долбоорун президент демилгелеп, аны мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев парламент талкуусуна алып чыкты.

Депутат Эльмурза Сатыбалдиев тогуз айда бала деле төрөлөт деп, бирок 9 ай ичинде мыйзам долбоору оңдолбой алынып келип жатканын сынга алды.

Депутаттар Мирлан Самыйкожо, Жанар Акаев, Надира Нарматова, Камила Талиева мыйзам долбоорун сындап, курултай айылдык депутаттардын функциясын ала тургандай болуп калганын жана анын көп жактарын оңдоп чыгуу боюнча эч кандай иш аткарылбаганын айтып чыгышты. Депутат Жанар Акаев курултай үчүн бюджет да бекитилбегенин, алар кайсы каражаттан каржыланап жатканына кызыкты.   

Мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мурда Бишкекте өткөн Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко сунуштама тапшырган.

Президенттин өткөн жылы 15-августтагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилгени маалым болгон. Анда аталган жарлыктар Конституциянын жетинчи жана төртүнчү беренелерине карама-каршы келери көрсөтүлгөн.

“Элдик курултайдын макамы Конституцияда бекитилген. Аны Конституциянын жетинчи беренесине ылайык, мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынуусу тийиш. Бирок Элдик курултайдын ишин уюштуруу жана аны өткөрүүнүн тартиби президенттин жарлыгы менен жөнгө салынганы Кыргызстандын Конституциясынын талаптарына жана мыйзамдарына түздөн-түз карама келет”деп айтылат фракциянын маалыматында.

Быйыл 26-ноябрда Бишкекте эки күн бою Элдик курултай өткөн. Ага бардык аймактардан миңден ашуун делегат катышкан.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты