Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигине макулдук берди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-июнда, Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров башкы прокурорлукка сунуштаган Максат Асаналиевдин талапкерлигин карады жана колдоду. Катышып жаткан 69 депутаттын баары макул деп добуш берди.

Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылынын кулуну. Ош облусунун прокурору кызматында, башкы прокуратурада, Улуттук коопсуздук системасында иштеген.

Талапкер суроолорго жооп берип, прокуратурага тергөө функциясын кайтаруу керектигин белгиледи.

Добуш берүүдө катышып жыйынга катышып отурган 69 депутаттын баары макул деп добуш берди.

Бүгүн, 5-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселеси каралды жана колдоого алынды.

3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалым болду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты