Курманкул Зулушевди кызматынан бошотууга депутаттар макулдук берди  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде  кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурору Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде кызматынан бошотууга президентинин сунуштамасын колдоп беришти. 

3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалым болду.

Сүрөттө: Курманкул Зулушев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты