Талапкерлер үчүн тил сынагы: Башка өлкөлөрдө талаптар кандай? 

8-октябрда президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген саясатчылар Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев мамлекеттик тил боюнча сынактан өтпөй калышканы белгилүү болду. Бул окуядан кийин айрым интернет колдонуучулар мамлекеттик тил саясий инструментке айланбашы керектигин айтып, муну «ыңгайсыз» талапкерлерди жарыштан сүрүп чыгаруу аракети катары баалашууда.

Биз коңшу мамлекеттердин мыйзамдарын карап, ал жакта президенттикке талапкерлер тил боюнча сынак тапшырабы же жокпу, талдап көрдүк.

Казакстанда талапкерлер мамлекеттик тилди билүү боюнча атайын лингвистикалык экзамен тапшырышат. Анда талапкерлер 3 этаптан турган сынактан өтүшөт, биринчиси берилген тапшырманы жазуу, экинчиси Казак классикалык адабиятынан үзүндү окуу, үчүнчүсү — тандалган тема боюнча эл алдында сүйлөө.

Комиссия талапкердин аткарган тапшырмаларын мазмуну, стилистикасы,  орфография жана пунктуациясы боюнча баалап, «мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билет» же «билбейт» деген корутунду чыгарат. Бул — мыйзам менен бекитилген талап. Казакстанда да талапкерлер тил сынагынан өтпөй калган учурлар болгон.

Тажикстанда да президенттикке талапкерлерге мамлекеттик тилди билүү талабы коюлган. Аларда да шайлоо комиссиясы тарабынан тил сынагы уюштурулуп, комиссиянын корутундусу талап кылынары жазылган. Бирок сынактын шарттары жана кандай өтөрү белгисиз, анткени президентикке талапкерлер мындай сынактан өтүшкөнү тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ушундай эле экзаменди парламенттик шайлоого аттанган талапкерлер да тапшырышат.

Ал эми Өзбекстандын президентин шайлоо мыйзамында талапкерлер мамлекеттик тилди билиши керектиги жазылган, бирок талапкерлер тил боюнча атайын экзаменден же тесттен өтүшү керектиги тууралуу маалыматтарды таба албадык. 

Россия Федерациясынын президентин шайлоо жөнүндө мыйзамында талапкерлер мамлекеттик тилди билиши керек деген ченем көрсөтүлгөн эмес, бирок бул талапкерлер мамлекеттик тилди билбей койсо болот дегенди билдирбейт. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Азыркы мыйзамга ылайык, президент беш жылга жана эки мөөнөткө шайлана алат. 

Ал сиз кандай ойлойсуз: Президенттикке талапкерлер тил боюнча сынактан өтүшү керекпи же жокпу? Негизи эле мамлекеттик тилди билүү деңгээли кандай критерийлер менен бааланышы керек? Пикириңизди комментарийге жазыңыз!

Сүрөт-коллажы. Өмүрбек Суваналиев жана Сыймык Жапыкеев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты