Жогорку Кеңеш бүгүн акыйкатчыны шайлоону күн тартибине киргизди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-майда, Жогорку Кеңештин күн тартибине акыйкатчыны шайлоо маселесин күн тартибине киргизди.

Кечээ, 16-майда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми “Ыйман Нуру” фракциясы Кулира Кубатованын талапкерлигин көрсөттү. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштады. 

3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдогон. Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыккан.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты