Парламент Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну колдоду

Бүгүн, 3-майда, Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдоду. Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыкты.

Депутат Адахан Мадумаров атууга кетип бара жаткан кишиге да  акыркы сөз берилерин, анын жүйөөлүү себептери болушу керектигин билдирди.

-Кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү себептери тууралуу угушубуз керек. Добуш берүү менен мыйзамсыз ишке себепчи болуп калышыбыз мүмкүн. Бир фракция бошотсун десе эле бошотуп коебу, -деди депутат Мадумаров.

Төрага Нурланбек Шакиев Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйынга чакырылганын, бирок келбегенин билдирди.

«Мыйзамды сактагыла. Одоно түрдө бузулду. Жакшы эмес прецендент. Жаккан кишини ар кандай жол менен, жакпаган кишини көпчүлүк менен чечип коебуз деген. Жогорку Кеңештин иши эмес. Өтө өкүнүчтүү. Баары бир мени утасыңар,-деди депутат Мадумаров.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы 50 депутат кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдугун берип, 5 депутат каршы чыкты.

19-апрелде “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын полномочиесин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

Укук коргоочулар, журналисттер жана көңүлкош эмес жарандар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке Кайрылуу катына кол топтоп жатышат. Кайрылууга 80ден ашык адам кол койгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты