“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштады
- 7 months мурун
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын консультанты Мирбек Мунарбек уулу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Бакыт Рысбеков 2020-жылдын август айынан тартып Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору кызматын аркалап келет.
Эске салсак, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы, “Мекенчил” депутаттык тобу акыйкатчы кызматынан Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми “Ыйман Нуру” фракциясы Кульира Кубатованын талапкерлигин көрсөттү.
3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдгон. Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыккан.