Прокурор, депутаттын кеңешчиси. Акыйкатчы кызматына сунушталып жаткан талапкерлер тууралуу эмнелер белгилүү?

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми “Ыйман Нуру” фракциясы Кульира Кубатованын талапкерлигин көрсөттү.

“ПолитКлиника” медиасы акыйкатчы кызматына талапкерлер тууралуу ачык булактарда белгилүү болгон фактыларды топтоду.

Жамиля Жаманбаева 

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.

1998-1999-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы, 

1999-2001-жылдары ошол эле жерде прокурордун улук жардамчысы болуп иштеген. 2001-жылдан 2004-жылга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы, улук тергөөчү болгон. 

2004-2007-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору, 2007-жылы Башкы прокуратуранын маалымат катчысы,  2007-2011-жылдары Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун прокурорунун орун басары, 2011-жылы Башкы прокуратуранын балдар укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп эмгектенген. 

2011-жылдан 2013-жылга чейин Токмок шаарынын прокурору, 2013-2016-жылдары Кыргыз транспорттук прокуратурасынын прокурору болгон. 

2016-2018-Башкы прокуратуранын кадрларынын карамагында иштеген. 

2018-жылы башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалып, 2021-жылы кызматтан кеткен. 

Канат Исаевдин китепкана чыры. Жаманбаеванын бул ишке кандай тиешеси бар?

2010-жылы Токмоктун ошол учурдагы мэри Канат Исаев мамлекеттик китепкана жайгашкан муниципиалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке компанияга саткан. Ошол эле жылы Исаевге карата кылмыш иши козголуп, бирок ал документти Чүй облусттук прокуратурасы жоготуп алган. 2017-жылы УКМК жоголгон документти калыбына келтирген.    

2012-жылы китепкананын имараты сүрдүрүлүп, ордуна соода борбору салынат деген маалымат тараган. Активисттер жана мекеменин жамааты кайрылуу жасап, китепкананы аткаминерлерден сактап калууну суранышкан. 2012-жылы Жаманбаева Токмокто прокурор болуп турган. 

Башкы прокурордун орун басары болгон

2018-жылы 27-апрелде Жамиля Жаманбаева башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган. Буйрукка ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ошол эле жылы Башкы прокуратуранын ишине нааразы болгон жарандардын тобу аталган мекеменин алдында митингге чыгышкан. Алар мыйсамсыздыктын курмандыгы болушканын айтып, бул маселелерге бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөшкөн. Айрымдары Жамиля Жаманбаева Токмоктун прокурору болуп турган кезде оор кылмыш, мыйзамсыз иштерди жасагандардын кылмыштарын жашырып келгенин айтышып, эми башкы прокурордун орун басары болуп калганын сындашкан.  

2021-жылы Жаманбаева өзү жазган арыздын негизинде башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулган.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан

Жамиля Жаманбаева 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын курамында барган. 

Прокурор, депутаттын кеңешчиси. Акыйкатчы кызматына сунушталып жаткан талапкерлер тууралуу эмнелер белгилүү?

Шайлоонун жыйынтыгында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы 5%дык республикалык босогодон жана 0,5%дык региондук босогодон өтүп, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан. Бирок Жаманбаева мандатка илешкен эмес.

Кульира Кубатова 

Кульира Кубатова 1971-жылы 7-октябрда Сокулук районунун Таш-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1997-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин инженер-технолог адистиги боюнча аяктаган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын социалдык башкаруу боюнча магистратурасын аяктаган. 

Эмгек жолун 1997-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоо реформасын ишке ашыруу жана  координациялоо башкы башкармалыгында үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясынын менеджери болуп баштаган. 2000-2005-жылдары №9 үй-бүлөлүк медицина борборунда башкы бухгалтер, 2005-2007-жылдары Саламаттык сактоо министрлигинде 1С программасын ишке ашыруу боюнча консультант, экономика жана каржы саясатын башкаруу бөлүмүндө башкы адис, 2008-2009-жылдары Финансы министрлигинде бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жаңы форматта уюштуруу жана жүргүзүү боюнча тренер болуп иштеген. 

2011-2012 БУУӨПтө улуттук эксперт, 2007-2014-жылдары КР ССМ “глобалдык вакцина жана иммундаштыруу” Компонентинин финансылык менеджери, 2014-2019-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде башкы адис, коррупцияны алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, 2019-2021-жылдары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. 

2022-жылдын март айынан тартып Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын коомдук кеңешчиси болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты