“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору ЖК комитетинин күн тартибинен алынды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 15-январда Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен алынды.

Мындай сунушту депутат Айбек Осмонов берди жана, документте талаштуу беренелер көп болгондуктан, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керектигин билдирди.

Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков да мыйзам долбоору кабыл алынса сөз эркиндигине кедергисин тийгизе турганын айтышты.

Депутаттар сунушту колдоду.

Медиа Полиси Институту Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун комментарийлеп, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык ченемдерге, сөз эркиндигине каршы келээрин белгиледи.  

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлгөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Поличи Институту мындай негизги алешемдиктерди атаган:  

Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны каттоодон өткөрүп, каалабагандарын өткөрбөй коюуга толук эркиндик алмакчы.  Ал эми каттоодон өткөн ЖМКны олуттуу укуктук негиздери жок жаап коюуга мүмкүндүк болот.  

1. Мыйзам долбоору боюнча ЖМКга кирбеген веб-сайттар да каттоодон өтө турган болуп калат.  Веб-сайттардын сөзсүз каттоодон өтүшү тууралуу ченем бул ЖМКнын эркиндигине доо кетирет.

2. ЖМКнын ишмердигин  негизсиз токтотуп коюуга жол ачылат.  

3. ЖМКнын чарбалык иштерине негизсиз кийлигишүү чаралары ишке ашат.

4. Журналисттерди аккредитациялоо концепциясынын түшүнүгү өзгөртүлөт.

5. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу чектелет

6. Кыргызстанда чет элдиктердин ЖМКга катышуусу чектелет

7. Тыюу салуу ченемдерине шылтоолор көбөйөт

Буга чейин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты