ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

  • 1 год мурун

Президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа өкүлдөрүнөн жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.

Буга чейин коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору катуу сынга кабылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеген.

Ноябр айында сөз эркиндигин талкуулоо боюнча тегерек столдо көз карандысыз юристтер, журналисттер жана президенттик администрациянын өкүлдөрү жумушчу топ түзүп, мыйзам долбоорун биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашкан.   

Жумушчу топтун курамына киргендер:

  1. Нурбек Дүйшөнбеков, «Журналисттер» коомдук бирикмеси;
  2. Акмат Алагушев, Медиа Полиси Институтунун директорунун орун басары;
  3. Нурбек Сыдыков, Медиа Полиси Институтунун юристи;
  4. Эдил Жаныбеков,  «Адилет» укук клиникасынын юристи;
  5. Жылдыз Азыкова, «Адилет» укук клиникасынын юристи;
  6. Нуржан Мусаева, Медиа өнүктүрүү борборунун директору;
  7. Тамара Валиева, Кыргызстандын Аракеттешүү медиаплатформасынын төрайымы;
  8. Махинур Ниязова, 24.kg. агенттигинин редактору;
  9. Семетей Аманбеков, медиаэксперт;.
  10. Дина Маслова, Kaktus.media негиздөөчүсү;
  11. Кайыргүл Урумканова, Govori TV;
  12. Дилбар Алимова, «Политклиника»;
  13. Кубат Оторбаев, журналист;
  14. Гладис Темирчиева, «Вести.kg»;
  15. Дмитрий Ложников, «Апрель ТВ»
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты