ЖККУ Казакстанга аскерлерин жөнөттү

  • 2 года мурун

Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Казакстанга аскерлерин жөнөткөнүн расмий жарыялады. Бул тууралуу уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян билдирди.

6-январь күнү эртең менен ЖККУдан «Интерфакс» орус агенттигине «уюм Казакстанга аскерлерин жөнөткөнүн» билдиришкен.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ боюнча комитетинин башчысы Леонид Калашников ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктураны, Байкоңур космодромун жана башка объектилерди коргой турганын айткан.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган. Ал Алматыдагы кырдаалды «террордук топтордун иши» деп атаган.

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат.

ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

6-январда Алматы шаардык полиция департаменти калаада ондогон киши каза болгонун билдирди. Өлкөдө интернет байланыш жок болгондуктан, акыркы окуялар тууралуу маалымат алуу оор болууда.

5-январь күнү Алматыда башамандык болуп, белгисиз топ акимчиликти жана аэропортту басып алган. Өлкөдө 17:00дөн түнкү 12ге чейин интернет өчүрүлгөн. Шаардагы ондогон дүкөн жана банктар тонолгону кабарланган. Ага чейин Токаев баш калаадан кетпей турганын жана Коопсуздук кеңешин жетектээрин айтып, жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты