ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Достук айылы стратегиялык мааниге ээ эмес экенин белгиледи
- 1 месяц мурун
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде кыргыз-тажик чек ара келишиминде эки тарап тең утулбаганын, маселе теңме тең чечилгенин билдирип, Достук айылы стратегиялык мааниге ээ эместигин белгиледи.
– Эки тарап тең уттурган жок. Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо, ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө, бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду. Эми мындан ары чыр чатак чыкпайт. Түбөлүк тынчтык, ынтымак орнойт,-деди төрага.
Парламент төрагасы ошондой эле Достук айылы стратегиялык мааниге ээ эместигин айтты:
– Эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле Самонион же Ходжайлоо айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар дей беришсе, жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да.
Стратегиялык деп «Төрт көчөнү» айтсак болот. Азыр «Төрт көчөгө» статус КВО берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот.
Ал эми Ворухка 3,5 км жол берилсе биз Самаркандектен Миң-Өрүккө чейин 3,5 км жол алып атпайбызбы. Бул жерде да теңме-тең болуп жатат,-деди Тургунбек уулу.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын билдирип, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча пикирин билдиргенден кийин «Ыйман нуру» фракциясы Султанбай Айжигитовду фракция мүчөлүгүнөн чыгарып койду.
27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынды.
Эртең, 6-мартта, парламентте кыргыз-тажик чек ара келишимин ратификациялоо каралары күтүлүүдө.
Сүрөттө: Нурланбек Тургунбек уулу. Интернет булактарынан