#ЖерТам долбоору аймактардын үнү болуп калды

“ПолитКлиника” медиасы “Сорос-Кыргызстан” фондунун жардамы менен ишке ашып жаткан “ЖерТам” долбоору 2022-жылдын июнь айында ишин баштады. Долбоордун максаты — аймактардагы көйгөйлөрдү журналистиканын жаңы форматтары менен чагылдыруу. 

Алгач бир айдан ашык убакыт бою изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөнүн максаты — аймактарда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү аныктоо болду. 

Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй көйгөйлөр аныкталды. 

#ЖерТам долбоору аймактардын үнү болуп калды
#ЖерТам долбоору аймактардын үнү болуп калды

Долбоор башталгандан тартып жалпысынан төрт облустан: Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көлдөн жалпы сегиз лонгрид, жети кепшн-видео, бир дата-макала жана бир иликтөө жарыяланды. 

Эгерде мурда биздин сайтыбыздын окурмандарынын негизги бөлүгүн Бишкек шаары түзсө, #ЖерТамдын жардамы менен башка аймактардан киргендердин саны өстү. Тагыраак айтканда, башка региондордон окугандар жалпы окурмандардын  8,6%ын түзүп калды. Бул биз үчүн чон жетишкендик. Анткени, биз акырындан аймактарга дагы тааныла баштадык. 

#ЖерТам долбоору аймактардын үнү болуп калды

#Жертам долбоорунун жардамы менен “ПолитКлиника” YouTube каналын дагы алдыга жылдырып жатат. Долбоор башталгандан бери биздин YouTube каналда 3,8 млн көрүү болду. Ал эми катталуучулардын саны дагы 26 мин катталуучуга көбөйүп, 39 миң катталуучу болуп калды. Бул расмий катталгандардын гана саны, катталбай туруп туруктуу көрүүчү болгондордун саны 150 миңге чукулдады.

Долбоордун аркасында “ПолитКлиника” медиасын башка аймактардан тааныгандар көбөйүп, түштүк региондордон көйгөйлөрү менен кайрылгандар дагы көбөйдү.

Ошондуктан жаңы 2023-жылдан баштап бардык аймактарды камтыган туруктуу рубрика кылууну пландап жатабыз. 

#Жертам долбоорунун алкагында даярдалган материалдар менен таанышууну кааласаңыз: 

1.  #ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды” 

2. #ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус 

3. #ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган — “Үмүт” жаңы конушу

4. #ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз 

5. #ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат” 

6. #ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк «Пристань-Пржевальск» айылы 

7. #ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

8. #ЖерТам: Аймактарда өзгөчө балдар үчүн шарт жок 

9. #ЖерТам: Жатын моюнчасынын рагынан жыл сайын 300гө жакын аял каза болот 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты