#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Талас облусунда Талас-Нылды-Арал-Покровка автожолу менен каттаган бир гана автобус бар. Бул автобустун дагы эскилиги жеткен. Жашоочулардын айтымында, автобуста кышында үшүп, жайында чаң болушат. Автобус бузулуп калган учурда жүргүнчүлөр айдоочуга унааны түртүшүп жардам беришет. Жолдун көйгөйүнөн Нылды айылына бир дагы такси жүрбөйт. Нылды айылы Манас районунун борбору Покровкадан 45 чакырым, Талас шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул айыл Манас районунун Кайыңды айыл аймагына кирет. Асфальт төшөлбөгөн жолдун айынан жүргүнчүлөр өздөрүнүн унаалары менен баруу үчүн Бакай-Ата, Кара-Буура райондору аркылуу өтө турган болсо 120 чакырым жолду аралап өтүүгө туура келет. Бул аларга ыңгайсыздыкты жаратат.

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус
#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Атасынан баласына өткөрүлүп берилген автобус

Бул автобусту буга чейин Акин Сартбаев аттуу айдоочу айдап келген. Анын айтымында, ал 1966-жылдан бери шоопур болуп иштейт. Өзү Манас районунун Арал айылынын тургуну. 

“Мен көп жылдан бери шоопур болуп иштеп келем. Көзүмдүн көрүүсү начарлагандан улам уулума бул ишти өткөрүп берип, өзүм ага жардам берем. Бул биздин алтынчы автобусубуз. Жол боюнча айта турган болсом, көйгөй көп. Жол кышында тазаланбайт. Бирде эл болот, бирде болбойт. Кышында жүргүнчүлөр автобусту түртүшөт. Жолду оңдоп беришсе жакшы болот эле. Эми бул автобусубуз чачылса, элди эмне менен ташыйбыз деп ойлоном. Азыр балам айдоочу болсо, жубайым кассир, мен айдоочунун жардамчысы болом. Үй-бүлөбүз менен иштейбиз”, — дейт Акин Сартбаев.

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус
#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус
#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Айдоочунун ишти таштагысы келген күндөрү болот

Айдоочу Эрнис Сартбаев кыйынчылыктардан улам бул ишти таштагысы келген учурлары боло турганын айтты.

 “Мен бул автобусту атамдан алганыма 3 жылдай болду. Кыйынчылык аябай көп, жумуштан баргандан кийин автобустун бир жери бузулган болот. Үйгө барып ремонт кылабыз. Кыйынчылыктар болгондо ишти таштайын деген ойлор да келет. Бирок бир күн эле автобус бузулуп калып, чыкпай калсак, эл ызы-чуу салат. Эл үчүн эле чыгып жүрөбүз. Кээ бир күндөрү автобуска 4-5 киши түшөт. Ал учурда бензинди дагы актабай калат. Кышында өтө кыйын. Кар жаап салса, эл кум чачып, автобусту түртүп чыгарышат. Кээде чыга албай Талас шаарына жетпей кайра артка кайрылабыз. Автобустун бир эле дөңгөлөгү 15 миң сом турат. Дөңгөлөк 3-4 айга чейин гана чыдайт. Бул 1991-жылкы автобус. Мындай автобус Талас облусунда бирөө эле”, — деди ал. 

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус
#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Автобус орто жолдо бузулуп калды

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери жолдун абалы менен танышуу үчүн жогорудагы автобуска түштү. Автобуска отурганда эле айдоочу Эрнис Сартбаевдин апасы Күмүшай Сартбаева жол кирени чогултат. Жол киренин баасы 150 сом. Ал 30 жылдан бери ушул ишти аткарып жүрөт. Мурда жолдошуна жардам берип келсе, азыр баласына жардам берет.

“Кассир болуп 30 жылдан бери иштеп келем. Мурда абышкама жардам берчүмүн, азыр балама жардам берем. Бирде киши бар, бирде жок болуп калат. Кышында автобус тайып, азаптарды көрөбүз. Кээде өйдө карай чыга албай артка кайтып келебиз. Кыйналдык, бензин кымбат, актабай калат. Балама жолго чыкпай эле кой деп айтам, бирок балам болбой эле элди ойлоп ишин уланта берет. Кышында суукка тоңуп, жайында ысыкка күйүп ушинтип иштеп келебиз”, — дейт Күмүшай Сартбаева.

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Жолдогу кыйынчылыктар боюнча жүргүнчүлөр менен дагы баарлаштык. 

Манас районунун Сөгөт айылынын тургуну Абай Жайнаков автобустан кечигип калган учурда бардык жумуштар токтоп каларын белгиледи.

”Нылды, Кайыңды, Арал, Сөгөт айылынын тургундары жолдун кыйынчылыгынан кыйналдык. Автобус эртең менен саат 8:00дө Талас шаарын көздөй чыгат. Андан кечигип калсак, ал күнү жумушуң бүтпөй калат. Бул автобус Таластан саат 14:00дө жылат. Киши толбой калса, автобус саат 15:00гө чейин турат. Автобуска жетишпей калсаң, Талас шаарында калышың керек болот. Айланып кете турган болсоң, 700-800 сом кетет. Жайдын күнү жолдогу чаңдан аябай кыйналабыз. Бул жолго башка унаа чыдай албайт”, — деди Жайнаков.

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Биз жүргүнчүлөр менен маектешип бараткан учурда автобус токтоп калды. Анда айдоочу жүргүнчүлөргө автобус бузулуп калганын эскертти. Мындай шартта жүргүнчүлөр түшө калып, айдоочуга жардам беришкенин көрдүк. Алар бул көрүнүш дайыма кайталанып турарын айтышты. Айдоочу менен жүргүнчүлөр автобусту от алдырышып, сапарыбызды уладык.

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус
#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Жүргүнчүлөр менен болгон маек уланды

Кайыңды айылынын тургуну Бүбүкан Рахманова айдоочуга ыраазычылыгын билдирди.

“Бул айдоочудан башка эч ким мындай жол менен каттабайт. Айылдан балдар жумуштары болгондо өздөрүнүн унаалары менен чыгышат. Бирок алар да бул жол менен айдашпайт, башка жол менен айланып барышат. Автобус каттабай калса, зарыл иштерибиз калып калат. Анткени жолубуз жаман, таксисттер каттагысы келбейт. Ушул айдоочуга рахмат. Анын жардамы менен көп жумуштарыбыз бүтүп жатат”, — деди Рахманова.

Ал эми Садырбек Чырмашев аттуу жүргүнчү автобуска жетишпей калганда көчөдө калып калгандар болорун айтты.

“Автобус ушул жолго чыдап жүрөт. Автобусту айдап жүргөн Акин акеге рахмат. Мен анын ордуна болсом, мурда эле бул автобусту темирге өткөрмөкмүн. Автобустун эскилиги жеткен. Бул автобустан Талас шаарында калып калсаң, тууганыңдыкында каласың, тууганың жок болсо, көчөдө каласың. Кышында автобус жүрбөй калганда автобуста эркек кишилер түртүп чыгарабыз. Автобуста эркек кишилер жок болсо, кайра артка кетишет”, — дейт Чырмашев.

Арал айылынын тургуну Айнура Назарова бул айылга келин болуп кеткенден бери ушул көйгөй жоюлбаганын билдирди.

“Бел-Башат деген жер бар. Кышкысын аябай тайгак болот. Кум чачылбаса, автобус ошол жерде калат. Элдин баары талаада калат. Мен Аралга келин болуп барганыма 30 жыл болуп калды. Ошол жылдан бери жол ушу бойдон, эч оңдолбойт. Бул автобус каттабаса биз башка райондорду айланып келишибиз керек болот. Анда жол киренин баасы кымбат болуп калат”, — деди Назарова. 

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус
#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Жүргүнчүлөр менен болгон маектин соңунда автобустун суусу кайнап кетип, айдоочунун атасы, жардамчысы сууну алмаштырып, сапарын улантышты.  Талас-Нылды-Арал-Покровка автожолунда күнүнө бир жолу каттаган автобус эки жолу бузулуп араң жетти. Андагы жүргүнчүлөр дагы автобустун бузулганына көнүп калыптыр. Автобус токтоп калары менен айдоочуга жардам бергенге аракет кылышат экен.

#ЖерТам: Нылды айылына каттаган жалгыз эски автобус

Бул автобус кайра Талас шаарына эртең менен саат 8:00дө чыгат. Аны күтпөй жолго чыгыш керек болду. Кайыңды айыл аймагынан Талас шаарына түз кеткен унаалар жок болгондуктан Бакай-Ата, Кара-Буура райондорун аралап өтүүгө туура келди. Жолдон өтүп бараткан унааларды токтотуп, жогоруда аталган эки район аркылуу Талас шаарына жеттик. Мындай аралыкка жетүү үчүн эки адам үчүн 800 сомдон ашык каражат кетти.

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт».

Видеону төмөндөгү шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот.

Автор: Жылдыз Джускембаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты