#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз

Саркынды сууларды тазалоочу жай Талас шаарынын негизги көйгөлөрдүн бири болуп саналат. Бул чоң септикке канализациядан келген суу гана эмес, мал сойгон жайлардын дагы калдыктары төгүлөт. Жагымсыз жытка нааразы болгон жашоочулар бул маселе көп жылдан бери чечилбей жатканын айтышууда. “ПолитКлиника” медиасы #ЖерТам долбоорунун алкагында жашоочулардын көйгөлөрү менен таанышып келди.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз

Саркынды суулар төгүлгөн жайга жакын жайгашкан үйлөргө жай мезгилинде жагымсыз жыт чыгып турат.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз

Жагымсыз жыттан улам алар эшик, терезелерин дагы ачышпайт.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз

“Үйгө коноктор келсе уялабыз”. Жашоочулардын нааразычыгылыгы

Талас шаарынын тургуну Молдокул Жунушов бул жерде беш жылдан ашык убакыттан бери жашайт. Ал өзүнүн эмес, жаш балдардын ден соолугуна коркунуч жаралып калат деп чочулай турганын айтып берди.  

“Неберем менен тең балдардын, жаш өспүрүмдөрдүн тагдырынан корком. Саркынды суу абдан жаман жыттанып жатат. Үйгө конок келгенде качан жагымсыз жыт чыгат деп коркуп турабыз. Жагымсыз жыт жыттанып баштаганда келген коноктун баары үйгө кире качышат. Тумчугуп терезелердин бардыгын жабабыз. Ысык-Көлдө деле үйүм бар, ошол жакка кетип калсамбы дейм. Бирок айла жок, неберелерим үчүн ушул жакка көчүп келгем. Анысы аз келгенсип таза суу көйгөйү дагы бар. Сууну кудук казып, ошол жактан ичип жатабыз. Ден соолукка билинбей эле зыяны тийип жатса керек. Башка жакка барып суу ичкенде чыныгы суунун даамын билебиз. Биздин суунун даамы башкача болсо да айла жок өзүбүздүн сууга да көнүп калдык, ичип жатабыз”, — деп Жунушов сөзүн жыйынтыктады.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
Сүрөттө Молдокул Жунушов

Ал эми бул жерде 20 жылдан бери жашап жаткан Нурбек Биримкулов кечинде саркынды суунун жытынан кыйнала турганын билдирди:

“Биз бул жерде 20 жылдан бери жашайбыз. Саркынды сууларды ушул жакка төгүшөт. Кечинде бул жакта дем алууга болбой калат. Ушул маселени чечип беришсе жакшы болот эле. Бул ичип жаткан суубузга дагы кошулуп кетет. Суу түтүктөрү жок болгондуктан жерди казып суу ичебиз. Мунун деле ден соолукка зыяны тийип жатса керек. Азыр жаш болуп ден соолугубузга зыяны тийип жатканын билбей жатабыз”, — деди Биримкулов.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
Сүрөттө Нурбек Биримкулов

22 жылдан бери саркынды сууга жакын жашаган тургун Марат Андашев бул маселе көп жылдан бери чечилбей жатканын белгиледи:  

“Бул жерде 1990-жылдан бери жашайм. Ошондон бери ушундай жашоо. Саркынды сууну тазалоочу жай жаныбызда, ар кандай жыттар келип турат. Бул тегеректе касапканалар көбөйгөн. Сасыган жыт адамды кыйнайт. Буга чейин тийиштүү жерлерге кайрылганбыз, жылдырабыз дешкен, ал деле болбой калды окшойт. Таза суу тартабыз дешкен, ал деле жок”, — дейт Андашев.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
Сүрөттө Марат Андашев

“Шаардын көпчүлүк аймагында канализация жок”

Бул көйгөйдүн чечилишин жашоочулар көп жылдардан бери күтүп жаткандарына күбө болдук. Маселени чечүү боюнча кандай иштер аткарылып жатат? Бул боюнча Талас шаардык кеңешинин депутаты Азис Курамаев айтып берди. 

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз

“Бул жер Талас шаарындагы эң чоң көйгөйлөрүбүздүн бири. Буга жакын жашаган эл бар. Бул саркынды тазалоочу жай эмес, чоң септик. Ушул жерден сарыгып чыккан сууну эл колдонуп жатат. Алара чоң зыянын тийгизүүдө. Шаардын көпчүлүк аймагында канализация жок. Евразиялык өнүктүрүү банкы ушул нерсени жасап берели деп колдоп жатат. Буга чейин колдоп 5 миллион евро бөлгөн. Биринчи фазасы аяктап калды. Анда жүргүзүлгөн иштер тууралуу айта кетсем Талас шаарындагы көпчүлүк аймактарда магистралдык суу түтүктөрү которулуп, кээ бир аймактарга суу жеткирилди. Саркынды суунун түтүктөрү которулуп, анын 98 пайызы бүтүп калды. Үйлөргө эсептегич коюлса, биринчи фазасы жабылат. Азыр экинчи фазасын ишке киргизүү аракети жүрүүдө. Евразиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү келип, жардам берерин айтышты. Ал болуп кала турган болсо, анын көпчүлүк суммасы саркынды сууларды тазалоочу жайды курууга жумашалат”, — дейт Курамаев.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
Сүрөттө Азис Курамаев

Шаардык кеңештин депутаты азыркы тапта Нуржанов айыл өкмөтү менен саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. “Саркынды сууларды тазалоочу жайды Талас шаарынын ылдый жагына түшүрөлү деп жатабыз. Ал жер бизге тиешелүү болбогондуктан анын дагы уруксаты керек болуп жатат. Шаардык кеңештин депутаттары Нуржанов айыл өкмөтүнүн депутаттары менен жолугуп, аларга сунуш-пикирлерди жана элдин кайрылуусун айттык. Алар ойлонуп көрөлү деген жыйынтыкка келишти. Ошол жер берилип кала турган болсо, Талас шаарынын тегерегиндеги 90 пайызын камтый турган саркынды сууларды тазалоочу жай болот”, — деди Азис Курамаев.

Бирок саркынды суу тазалоочу жай качан курулары белгисиз

Ал эми «Таза суу» муниципалдык ишканасынын саркынды суу боюнча инженери Дамир Эркинбек уулу саркынды суу тазалоочу жайынын курулушу качан башталары белгисиз экенин белгиледи: 

“Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай курулса деген оюбуз бар. Саркынды сууларды тазалоочу жайды Нуржанов айыл өкмөтүнө курууну сунуштадык. Бирок азырынча корутунду чыга элек. Эгерде болуп калса бир же эки жылдын ичинде чоң долбоор менен шаарыбыздын саркынды сууларын тазалоочу жай курабыз деген планыбыз бар. Техникалык-экономикалык негиздемеси аныкталып, бардык иштер кароого кеткен. Бүгүнкү күндө иш мынча убакытта башталып калат деп так айта албайм. Бул жерге саркынды сууну тазалоочу жай салып туруп, ага да өзүнчө каражат керек болот. Чоң жабдуулар, жакшы шарты менен заманбап саркынды сууну тазалоочу жай курулат. Мындай көйгөйлөр болбойт”, — деди Дамир Эркинбек уулу.

#ЖерТам: “Коноктор келсе уялабыз”. Талас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай качан курулуп башталары белгисиз
Сүрөттө Дамир Эркинбек уулу

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Видеону бул шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты