#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк «Пристань-Пржевальск» айылы

“Пристань-Пржевальск” Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймактык бөлүгү болгон кыштакча. Каракол шаарынан 12 чакырым алыстыкта, түндүк-батыш тарабында Көлдүн жээгинде жайгашкан. 

Калкынын саны 2917 адамды түзөт. Ал 1942-жылы Махачкала шаарынан эвакуацияланган №182 заводдун ушул жерге которулушуна байланыштуу 1944-жылы шаар тибиндеги поселок статусун алган. Дал ушул союз учурунан калган бардык социалдык мекемелерди Евгений Ахмедов аттуу адам менчиктештирип, четинен сатып жатканын айылдын тургуну Фатима Тагаева “ПолитКлиника” медиасына билдирген.

Бирок, Евгений Ахмедов “Улан” заводуна караштуу турак-жай жана социалдык объектилеринин “Луч” кооперативине өткөрүлүшү аргасыздык болгондугун, тескерисинче, бир канча жылдар бою кооператив бул объектилерди талап-тоноодон сактап келгендигин айтат. “ПолитКлиника” медиасы #ЖерТам долбоорунун алкагында Пристань-Пржевальск айылына барып, окуянын чоо-жай менен таанышып келди. 

Талкаланган социалдык мекемелер…

Менчикке чыгарылган мекемелердин арасында бала бакча, маданият үйү, бейтапкана, мончо, мурдагы “Улан” заводунун карамагындагы барак тибиндеги үйлөр бар. Ал объектилердин абалы өтө начар. Эшик-терезелерин талкалап, имараттардын полунун жыгачтарына чейин уурдап кетишкен. 

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Маданият үйү

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Бейтапкана

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Бала бакча

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Айыл тургуну Фатима Тагаева, аталган айылда маданият үйү, мончо, спорт зал сыяктуу бир катар социалдык объектилер жок болуп жатса, Евгений Ахмедов бар обьектилерди талкалап, менчикке өткөрүп алган үйлөрдү сатып жаткандыгын айтат. 

Учурда айылда социалдык мекемелер жок. Баары талкаланган! Бир эле бала бакча менен мектеп бар. Калгандарынын баары талкаланып, жарактан чыгып калган. Ал эми Ахмедов аларды семечка чаккандай кылып, арзыбаган акчага сатып жатат. Мисалы, төрт кабат мейманкананын кирпичтерин бул адам 7-8 сомдон саткан”. 

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

“Убагында мамлекет бир да тыйын бөлгөн эмес”

Ал эми Евгений Ахмедов Фатима Тагаева айтып жаткан нерселер курулай доомат деп эсептейт жана мекемелер 1995-жылы өткөрүлүп берилип, менчиктештирилгендигин айтат. Ошондой эле, “Улан” заводуна караштуу турак-жай жана социалдык объектилеринин “Луч” кооперативине өткөрүлүшү аргасыздык болгондугун, тескерисинче, бир канча жылдар бою кооператив бул объектилерди талап-тоноодон сактап келгендигин айтат.

Мен, 1993-жылы, Пристань-Пржевальск кыштагына көчүп келип, “Улан” заводунда иштей баштагам. Ошол жылдары турак-жай-коммуналдык чарбаны кичи ишканага өткөрүп берүү маселеси козголгон. Себеби, бул тармак артка кетип аткан. Ошондо жеке компания “иштете алабы же жокпу” деп 9 ай иштетип көргөнбүз. Биздин иштин жыйынтыгы жакшы болуп, 1995-жылы “ЛУЧ” турак-жай кооперативин түзгөнбүз. “Улан” ачык акционердик коому бизге социалдык объектилерди, башкача айтканда, турак-жай коммуналдык башкармалыгынын балансында тизмеленген мекемелердин бардыгын өткөрүп берген. Келишим боюнча айылдык кеңеш бизди жарым-жартылай каржылап турушу керек эле. Бирок, алардан эч кандай жардам болгон жок. Мындан улам биз ортодогу келишимди бузуп, “Луч” ЖЧКсы кылып каттатканбыз. Ошону менен 1995-жылдан тарта биз өзүбүздү өзүбүз камсыздап, аталган объектилердин ээси болуп калганбыз. Биз, бул объектилерди коргоп, сакташыбыз керек болчу. Убагында мамлекет бир да тыйын бөлгөн эмес. Иш жүзүндө биз өзүбүз сактадык. Социалдык объектилерди коргоп калуу максатында шашылыш тартипте турак-жай фондунун барак үйлөрү жашоочулардын менчигине өткөрүлүп берилген. Башкача айтканда, менчиктештирилип кеткен. Баары мыйзамдуу”, — дейт Евгений Ахмедов.

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

“Маданият үйү ыйлай турган абалда…”

Фатима Тагаева 2015-жылы жогоруда аталган мекемелер “мамлекеттин балансына өтсүн”, — деп Ысык-Көл облусунун прокуратурасына арыз менен кайрылган. Буга чейин жазылган арыздарды “мөөнөтү өтүп кетти” деп ишти жаап келишсе, бул жолу иш козголгон.

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Биздин кыштакта маданият үйү жок болгондуктан иш чаралардын көбү жайкысын Көлдүн жээгинде, кышкысын мектепте өтөт. Азыр көрсөңөр маданият үйү ыйлай турган абалда турат. Бул социалдык объектилердин бардыгын “ким ушундай абалга жеткирди” деп  изилдей баштагам. Мурда, бул жерде турак-жай коммуналдык чарба бөлүмү болуптур. Анын жетекчиси Ахмедов Евгений деген киши болгон экен. Ал киши бул жердеги социалдык объектилердин бардыгын убагында өзүнө өткөрүп алган. Мен бул боюнча 2015-жылы облустук прокуратурага арыз менен кайрылып, иш козголгон. Ахмедов жогорку сотко чейин кайра-кайра арыз жазып атып, аягында биз жеңип чыкканбыз. Кийин, аталган объектилерди Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык балансына өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Мен да комиссиянын мүчөсү болдум. Бирок, азыркыга чейин Ахмедов “мамлекеттин балансына өткөрүп бер” десек, өткөрүп бербей жатат. Комиссияны дагы көзгө илбейт”, — дейт Фатима Тагаева

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

“Мекемелерди мыйзамсыз каттоодон өткөрүп алышты”

Ахмедовдун айтымында, ал бул объектилерди мамлекеттин балансына бир нече жолу өткөрүп берүүгө аракет кылган. 2016-жылга чейин аны Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык балансына жөн эле өткөрүп берүүнү каалаган болсо, азыр бир нече талаптарды коюп, ошол талаптарга мамлекет макул болсо гана өткөрүп берерин айтат. 

1997-жылы маданият үйүн, бейтапкананы мамлекеттин балансына өткөрүп берели деп поселоктук кеңешмеге сунуш киргизгенбиз. Бирок, алар бул объектилерди кабыл алуудан баш тартышкан. 2010-2016-жылдары дагы бул объектилерди Мэриянын балансына өткөрүп берели дегенбиз. Белгилүү себептерден улам өтпөй калган. Бирок, бул жолу айылдын кызыкчылыгын эске алып, “Эгерде бул мекемелер коммерциялык шартта пайдаланылса, түшкөн пайданын 10 пайызы айылга жумшалсын жана бул мекемелер сатылбасын” деген атайын келишимдин негизинде өткөрүп берели дегенбиз. Бул сунушка, аталган объектилерди мамлекеттин карамагына өткөрөбүз деген адамдар макул болушкан эмес. Эми алардын менчигине кирбеген объектилерди каттоодон өткөрүп алышты”. 

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы
#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Эбепке-себеп болгон үй маселеси…

Сөз арасында Ахмедов бул маселенин түп тамыры үй маселесинен келип чыккандыгын айтат. 

Арыз ээсинин негизги максаты — “Луч” компаниясын жоюп салуу. Себеби, ал биздин компаниянын балансындагы үйгө мыйзамсыз кирип жашап алган. Бул батир Исаев Орозакун деген жаранга ижарага берилген. Бирок, белгисиз себептерден улам Тагаева келип жашап алган. Биз арыз менен сотко кайрылганбыз. Бирок, сот бул ишти “мөөнөтү өтүп кетти” деп жаап салган”, — дейт Евгений Ахмедов

Фатима Тагаева болсо, Пристань-Пржевальск айылына 2009-жылы көчүп келген. Бул үйдү мыйзамдуу түрдө 25 миң сомго сатып алганын, үйдүн документтери колунда экенин айтат. 

Мэрияда иштеген жигит менден 2006-жылы 25 миң сом алып, карыз болуп калган. Ошону бере албай жүрүп, 2008-2009 — жылдары “Эже, Пристань-Пржевальск айылында көлдүн жээгинде үйүм бар. Карыздын ордуна ошол үйдү алыңыз” деп калды. Мен башында көнбөй, акчамды сурап аткам. Кийин, макул болуп, бул үйдү ремонттоп кирип алгам. Колумда бардык документтерим бар”

Белгилей кетүүчү жагдай, үй маселесине байланыштуу соттук иштер ачылып, бардык инстанциядан Фатима Тагаева утуп чыккан. 

Бийлик бутагындагылар эмне дейт? 

Каракол шаарынын мэриясынын Пристань-Пржевальск поселкалык-аймактык башкармалыгынын башчысы Максат Дунганаев, аталган мекемелерди мамлекеттин балансына өткөрүү максатында соттук иштер жүрүп жаткандыгын билдирди. 

Советтер Союзунан калган социалдык объектилер приватизациялоо программасынын негизинде Ахмедов деген жарандын атына өтүп кеткен. Анын ичинде маданият үйү, мончо, бала бакча, бейтапкана бар. Бүгүнкү күндө бул объектилерди мамлекеттин балансына өткөрүп алуу максатында сот иштери жүрүп жатат”. 

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Ал эми Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Чыңгыз Бапаевдин айтымында, соттун чечиминин негизинде Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск айылындагы беш объект муниципалдык баланска өткөрүлгөн. 

Учурда беш объект тең Каракол шаардык мэриясынын балансына отургузулуп, реестринде катталды. Албетте, соттун чечимин бир да жаран талкуулаганга укугу жок. Сот чечим чыгаргандан кийин, биз аны аткарууга милдеттүүбүз”. 

#ЖерТам: Талкаланган, келечеги бүдөмүк "Пристань-Пржевальск" айылы

Ошондой эле бул мекемелерди Ахмедов муниципалдык баланска өткөрүп берүү АКТысына кол коюла электигин, соттун чечимин аткарып жатышкандыгын айтат. Бирок, мурда Ахмедов бул объектилерди мамлекеттин балансына өткөрүп берүү үчүн кайрылгандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин, өткөрүп бербей жаткандыктан айыл тургуну сотко бергенин белгилейт. 

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Автор: Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты