#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган — “Үмүт” жаңы конушу

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагынын Үмүт жаңы конушуна жакын жайгашкан тери иштетүүчү, мал союлуучу жайлар жана клей заводу санитардык норманы сактабай, уулуу химикаттар менен абаны булгап, жашоочуларды ууландырып жатышат жана анын кесепетинен тургундардын көпчүлүк бөлүгү астма, аллергия ооруларына дуушар болууда. Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасынын #ЖерТам долбооруна Үмүт жаңы конушунун жашоочулары кайрылган. “ПолитКлиника” медиасы жерине барып, конуштун жашоочуларынын көйгөйү менен таанышып келди. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Жагымсыз жыттан улам, “аллергия” оорусу күч алууда

Конуштун тургуну Гүлнар Үмөтбекова 2014-жылдан бери Үмүт жаңы конушунда жашап келет. Ал айыл тургундарынын тынчын алып, беймазага салып аткан маселе конушка жакын жайгашкан ишканалардан келген сасык жыт экендигин айтып кейийт.  Ишканалардан келген жагымсыз жыттардан улам айрым айылдаштары аллергия, астма сыяктуу дарттарга чалдыгып, айрыкча жаш балдар аллергия менен көп жабыркап жаткандыгын айтат. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Учурда бизди кыйнап аткан, бул — сасык жыт. Союз маалында адамдын денсоолугуна залакасын тийгизүүчү химикаттарды колдонгон ишканалар калктуу жерлерден алыс жайгашчу эле. Бирок азыр андай болбой жатат. Биздин конуштун айланасында химикаттарды иштеткен ишканалар көп. Алардан чыккан жагымсыз жыттан акыркы эки жылда ооруган жаш балдарыбыз көбөйдү. Айылыбызды каптаган дал ушул жагымсыз жыттан улам аллергия оорусуна чалдыгып, эки наристебиз көз жумду. Алардын өлүмүнө ким жооп берет?”, — дейт Гүлнар Үмөтбекова

Аталган конуштун дагы бир тургуну Кенжегүл Бекарстанова аталган ишканалардан чыккан сасык жыттан улам астма оорусуна чалдыкканын айтат. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Клей, тери ишканалары менен тоок фермасынан чыккан жыт биздин конуштун элин ууландырып жатат. Түн ичинде клей иштеткен ишканадан аябай сасык жыт чыгат. Ошол жыттан улам мен астма дартына чалдыктым. Мисалы, мен бул ишканалардан чыккан жагымсыз жыттан улам түнкүсүн беткап кийип жатууга аргасыз болом. Болбосо, астмам күчөп, жөтөл басылбай кыйнайт. Мага окшоп ооруп аткандар биздин айылда толтура. Жакында эле Айжан деген коңшубуз баласын Түркияга дарыгерлерге көрсөтүп келди. Ал жактан врачтар: “Жакын жерде завод иштейби?” деп сураптыр. Демек, анын оорусунун себеби да ушул жагымсыз жыт болуп атпайбы. Ушундай уулуу затты чыгарган ишканаларды шаардын сырт жагына көчүрсө жакшы болот эле. Кыскасы, биз ууланып жатабыз!”. 

“Төрт жашар кыз рактан улам каза болду” 

Дүйшеев Жусуп тогуз жылдан бери Үмүт жаңы конушунда жашап келет. Анын айтымында, Советтер союзу тараганда “Пригородное” совхозунда машина-трактор фермасы (МТФ) калган. Аны приватташтырылган ишканаларды ишкерлер сатып алышкан. 

“Кеп — ал өндүрүштө эмес. Өндүрүштүн адамдарга келтирген зыянында болуп жатат. Ал завод биздин конушка жакын жайгашкан. Шамал дайыма ошол жактан согуп турат. Ал жакта клей, булгаары, тери заводдору бар. Андан сырткары мал да кармап келишет. Ишканалардан чыккан жыт бизге аябай жыттанат. Айылда жаш балдар арасында аллергиялык оорудан ракка айланган учурлар башталды. Жакында эле төрт жашар кыз рактан улам каза болду. Жыйынтыгында, аллергия оорусу ракка өтүп кеткен. Дагы бир жашоочубуз аллергиядан улам айылга келбей, башка жакта жашап жатат. Биз бул маселе боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Бирок, эч кандай жыйынтык чыкпай келет”, — деп билдирди Жусуп Дүйшеев. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Ал ошондой эле тери заводу мурда башка конушта жайгашкандыгын белгиледи. 

“Тери заводу мурда Тунгуч кичирайонунда жайгашкан экен.  Аларды “радикалдык ыкма” менен конуштун тургундары кубалап чыгышкан экен. Биз азыр андай ыкманы колдонгон жокпуз. Бирок балдарыбыз ооруп, аллергия, рак сыяктуу дарттар күч ала турган болсо, аргасыз андай жолго барабыз да”, — дейт Жусуп Дүйшеев

“Үмүт” конушуна жакын жайгашкан он беш завод бар

Үмүт конушунунун тургуну Айгүл Осмонованын айтымында, айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, бул жаңы конуштун айланасында он бешке жакын завод иштейт. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Алардын ичинде тери иштетүүчү, клей жасоочу, мал союучу заводдор бар. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

“Биздин конушка жакын жайгашкан заводдордон чыккан сасык жыттардан айыл эли тажадык. Асты аллергия, астма сыяктуу дарттар менен ооруй башташты. Жагымсыз жыттан улам үйүбүздүн эшик, терезелерин да ачпай калдык. Айыл өкмөтүнүн бизге берген маалыматы боюнча, бизге жакын жайгашкан он беш завод бар. Бирок, айылдыктар атайын рейд кылганыбызда андан эки эсе көп ишканаларды таап чыктык. Ал ишканалар эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Компаниялардын катталган жери шаар ичинде экен. Демек, алар өзүнүн ишин катталган жеринде улантышы керек да. Бирок, андай болбой жатпайбы. Биз арыз менен көп жерге кайрылдык. Бирок, эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Буга чейин тиешелүү органдар тарабынан келип заводдорду текшерип, айып пул салып, атайын пломба коюшкан. Бирок, эки-үч күндөн кийин кайра эле иштетип алышты. Биз эмне кылаарыбызды билбей калдык. Ушундай ишканаларды калк жашабаган жерлерге көчүрсө деп талап кылат элек. Иштебесин дебейбиз, иштешсин, бирок, карапайым элдин ден–соолугуна залакасын тийгизбесин да”. 

“Бул жерде биздин күнөөбүз жок” 

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери конуштун тургундары менен бирге аталган ишканаларды жеринен көрүп, жетекчилеринен комментарий алууга аракет кылды. Белгилей кетүүчү жагдай, чындыгында конуштун айланасында аба таза эместигин байкоого болот. Айрыкча, тургундар айтып жаткан клей, тери иштеткен заводдордун жанынан адам чыдап тура алгыс жыт келет. Мындай улам, бул конуштан чыгып кеткиче бет-кап кийип жүрүүгө мажбур болдук. 

Чү дегенде эле айылдан 30-35 метр алыстыкта жайгашкан таштанды иштетүүчү заводго баш бактык. Ишкананын жетекчиси Сакибов Хаким алгач заводго кирип видеого тартууга уруксаат бербей тургандыгын, керектүү жерден уруксат кагаздарын алып келишибизди талап кылып жатты. Ызылдашып жатып, акыры ишкананын ичин тартып чыгууга мүмкүнчүлүк алдык.

Жетекчиси өзү ишкананын иши менен тааныштырып, бул жерден эч кандай жагымсыз жыт чыкпай тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле, ишкананы иштетүү үчүн тиешелүү органдар тарабынан бардык документтерди алгандыгын, эч кандай мыйзамды бузбай иш алып барып жаткандыгын айтты. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Биздин ишкананын керектүү документтеринин баары бар. Биз мыйзам чегинде иштеп жатабыз. Документтер боюнча, бул жер өнөр жай иштетүүчү аймак болгон. Өнөр жай иштетүүчү жай болгондон кийин мамлекет жакын жайгашкан жерлерди элге бербеши керек эле да. Бул жерде биздин күнөөбүз жок. Биздин ишкана таштандыдан чыккан “клеёнкаларды” иштетебиз. Ишканабыздан эч кандай жыт чыкпайт”. 

“Вентилятордун айланасы бир аз жыттанат, аны моюнга алам”

Андан соң клей заводуна, тоок фермасына, мал союлуучу жайларга бет алдык. Баса, ал жерде иштегендер жагымсыз жыт, өзгөчө клей иштетүүчү ишканадан чыга тургандыгын айтышты. Бирок, аталган ишкананын эшигин бир нече ирет такылдатып ачтыра алган жокпуз. 

Анын жанында эле тоок  баккан ферма  жайгашкан экен. Бул ферманын эшиги ачык болгондуктан ичине кирип, жетекчисинен комментарий алууга мүмкүнчүлүк болду. Ферманын жетекчиси  Төлөгөн Телеушев, тазалыкты сактап, мыйзам чегинде иштеп жаткандыгын айтып, ишкананын ичи менен тааныштырып чыкты. Чындыгында ишкананын ичи таза экендигин көрүүгө болот. 

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Биздин ферма ачылганына бир жыл болду. Беш миң тоок багабыз. Фермадан чыккан тооктун кыгын бир жумада бир жолу чыгарып турабыз. Биздин фермадан эч кандай жыт чыккан жок. Ишенбесеңер өзүңөр байкап көргүлө. Болгону ферманын артында жайгашкан вентилятордун айланасы гана бир аз жыттанат. Аны моюнга алам”, — деп билдирди. 

“Ишкананы жөндөн-жөн эле жаап сала албайбыз да”

Бул көйгөй боюнча Пригородное айыл өкмөт башчысы Бакыт Шеримбеков төмөнкүлөргө токтолду. 

Пригород” совхозу атайын өнөр жай иштетүүчү жай болгон. Үмүт жаңы конушунун жанында ферма бар эле. Анын баардыгы Советтер союзу тараганда жеке менчикке өткөн. Ичинде мал баккандар, тери иштетүүчү заводу, мал союлуучу жайлар, тоок фермасы бар. Ал эми Үмүт конушу 2008-жылдан баштап “самозахват” болуп баштаган. 2010-жылдан кийин ал жер трансформацияга берилген. Убагында жашоочулар өздөрү ушул жерди митинг кылып, жайгашып алгандан кийин, эми туура эмес иштерди жасап атышат да. Бул конушта кичинекей бала чарчап калып, маселе көтөрүлгөн. Бирок, алардын “ушул жыттан улам жабыркады” деген корутундусу жок болуп атпайбы. Андай корутунду болсо, атайын чара көрүп, ал ишкананы жаап салганга деле даярбыз. Албетте, мен таптакыр жыт келбейт дегенден да алысмын”.

#ЖерТам: Жагымсыз жыттан жабыркаган - “Үмүт” жаңы конушу

Ошондой эле, өнөр жай ишканаларын иштетүүчү зона болгондон кийин анча-мынча жыт болорун айтат. 

Конуштун жашоочуларынан атайын кайрылуу келип түшкөндөн кийин биз комиссия түзүп, бир нече жолу заводдорду текшергенбиз. Биз барып туруп эле иштеп аткан ишкананы жөндөн-жөн эле жаап сала албайбыз. Алардын да өздөрүнүн укугу бар”, — дейт Бакыт Шеримбеков

“Биз бул жерлерди “захват” кылып эмес, сатып алганбыз” 

Баса, Пригородное айыл өкмөт башчысынын “Ал жер 2008-жылы “захват” болуп баштаган деген пикири боюнча конуштун жашоочусу Айгүл Осмонова төмөнкүлөрдү билдирди. 

“Ооба, бул жерди тургундар“захват” кылып алышкан деп айтып жүрүшөт. Бирок, биз жерди басып албай эле, мыйзамдуу түрдө эле сатып алганбыз. Аны тастыктай турган документтерибиз дагы бар”.

Ооба, конуштун жашоочулары жаралган көйгөй боюнча керектүү органдарга кайрылып,  майнап чыкпаганын айтып кейишет. Ал эми айыл өкмөт, аталган ишканаларды жөнү жок эле жаап кое албастыгын билдирет. 

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Автор: Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты