#ЖерТам: Жатын моюнчасынын рагынан жыл сайын 300гө жакын аял каза болот

Кыргызстанда ноябрь айында 11-14 жаштар арасындагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, эмдөө 89%га чейин жатын моюнчасынын рагын алдын алганга жардам берет. Бирок, эмдөөгө каршы чыккандар да болду. “ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттери жатын моюнчасынын рагы боюнча Кыргызстандын абалын изилдеп көрүштү.

Адамдын папиллома вирусу жыныстык катнаш аркылуу жугуп, аялдардын жатын моюнчасынын рагына алып келет. Убагында дарылабаса же алдын алуучу процедураларды аткарбаса, бул дарт өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Гүлзар Чыналиева Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунда жашайт. Гүлзар 42 жашта, төрт баланын энеси. Эки жыл мурун дарыгерлер жатын моюнчасынын рагын аныкташкан:

“2020-жыл коронавирус менен ооруп калдым. Ошондон кийин рак клеткалары козголуп кеткен окшойт. Ага чейин мен боюмда бар кезде анализдерди тапшырганда эч кандай симптомдору жок болчу. Рак аныкталгандан кийин 12 химиотерапия курсун алдым, жардам берген жок. Жатын моюнчасындагы залал шишик чоңоюп кеткени үчүн зара табарсыкка барбай, бөйрөктөн түз эле чыгат.  Азыр Индиядан дарыланыш үчүн каражат топтоп жатабыз”.

Кыргызстанда, Гүлзар сыяктуу, жыл сайын төрт жүздөн ашык аялдан жатын моюнчасынын рагы аныкталат. 2009-жылдан бери бул дарт алты миңге жакын аялдан аныкталган.

Жатын моюнчасынын рагы менен ооругандардын саны жогору бойдон калууда

Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, өлкөдө аялдардын жатын моюнчасынын рагына чалдыккандыгы жогору бойдон калууда. 2021-жылы орточо эсеп менен Кыргызстанда 100 миң адамдын ичинен 17 аялга бул диагноз коюлган. Ал эми, региондор боюнча караганда, жатын моюнчасынын рагы Нарын жана Чүй облустарында көп кездешет.

Ал эми бул оорудан улам каза тапкандар да аз эмес. Республикалык иммунопрофилактикалык борбору билдиргендей, жыл сайын 300гө жакын аял каза табат.

Улуттук онкологиялык борбордун маалыматына ылайык, жатын моюнчасынын рагынан жыл сайын 100 миң калктан 7-8 адам каза болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы менен катталгандардын саны жогору. Ал эми, бул дарттан өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан аймактагы жогорку көрсөткүчтөргө кирет.

“Бул диагноз менен кеч кайрылышат”

Гүлзар жатын моюнчасынын рагына чалдыкканы 40 жашында белгилүү болгон. Биздин анализде да көп учурда рактын бул түрү 40-65 жаш арасында көп билине башталары аныкталды.

Шаардык эмдөө борборунун башчысы Бурул Асыкбекованын айтымында, мындай көрүнүш адамдын өзүнө жана анын жашоо образына байланыштуу.

“Көп учурда дарыканага кеч, оору өтүшүп, акыркы стадияга келгенде кайрылышат. Экинчиден, бул диагноз ар кимде жашаганына жараша аныкталат. Айрымдарда жаман адаттар болушу мүмкүн, айрымдар башаламан сексуалдык катнаштарга барган болушу мүмкүн”, — деди Бурул Асыкбекова.

Мындан сырткары, Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагын аныктоо үчүн ден соолугун атайын изилдөө кылган аялдардын саны аз.

Папилломага каршы вакцинацияны эмнеге киргизиш керек?

Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 700 миңге жакын жатын моюнчасынын рагы аныкталып, андан 400 миңге чейин адам каза болот. Алардын көбү төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө туура келет. Адамдын папиллома вирусу аялдардын жатын моюнчасынын рагына алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, папилломага каршы вакцинация жатын моюнчасынын рагын 90%га чейин азайтканга жардам берет.

“Вакцинанын эффективдүүлүгүн аны колдонуп жүргөн Америка, Австралия жана Европа мамлекеттери далилдеп жатышат. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, ушул өлкөлөрдө жатын моюнчасынын рагы 90%га чейин азайган. Кыргызстанда да эртең эле азайып кетет дегенден алыспыз. Анткени вакцина эффективдүүлүгүн бүгүнкү 11-12 жашар кыздар күйөөгө тийгенде көрсөтөт,”— деди Бурул Асыкбекова.

Ал эми, биздин каарманыбыз Гүлзар Чыналиева папилломага каршы вакцинациясынын киришин колдойт:

“Мен вакцинацияны колдойм. Балким мен мурун вакцинациядан өтсөм, азыр оорубайт белем деген ойлор келет. Андан сырткары, азыр менин улуу кызым 18 жашка келип калды. Ага вакцина сайдырса болобу-болбойбу, ойлонуп жүрөм”, — Гүлзар Чыналиева.


Автор: Чолпонбек Сабырбеков

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты