#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Суусамыр жайлоосунда 24 саат

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Таңга жуук 

Таңкы саат 05:00. Гүлзат эч кандай ойготкучу жок эле эң биринчи болуп турат. Ал убакта күндүн алгачкы нурлары кичинекей чатырдын ичин жарык кылып, кадимки турмуштун башталганынан кабар бергенсийт. 

Бул убакта Гүлзат жолдошу Бактыгелдини ойготот. Жубайынын үнү Бактыгелдиге кадимки ойготкучтун (будильник) ордун алмаштырган. Бактыгелди ойгонор замат жылуу кийимдерин кийип, экөө уй жана бээ сааганга киришишет. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Гүлзаттардын болжол менен 10го жакын бээси бар. Кээ бирлери туугандарыныкы. Алардын ар бирине ат коюп, “кара бээни айдап келчи”, “64 тү байлагыла”, “кашка бээ бүгүн тебинип калыптыр” деп коюшат. Бээлер саалып бүткөндөн кийин Гүлзат уйларды да саайт. 

Бул убакта чатырда алардын балдары мемиреп уктап жаткан болот. Гүлзат менен Бактыгелди аларды эрте ойготууга даабай “бала да, уктап алсын” дешип, жумуштарын уланта беришет. Гүлзаттын айтымында, алардын төрт баласы бар. 

“Үч кыз, бир уулубуз бар. Эки кызым азыр студент. Кара-Балтадагы колледжде окушат. Жайлоого кээде келип-кетип турушат. Алар барда уй сааганга жардам берип, үй жумуштарын аткарып турушчу. Азыр кайра баарын өзүм жасап калдым” , — дейт Гүлзат.

Уй жана бээлер саалып бүткөнгө чейин күн жылып, айлана дагы жарык тартат. Тегеректе бирин-серин иттердин үргөнү жана боз үйдүн жанынан шылдырап аккан суунун үнү угулуп турат. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Уй саап бүткөн Гүлзат чатырга жакындап келип, баласы Айтеңирдин дайымкыдай эле ойгоно электигин көрөт. Айтеңирдин уйкусу катуу болгондуктан көбүнчө Гүлзат ойгото албайт. “Айтеңииир, балаам, туур!” деп кыйкырганын ал тоготуп деле койбойт. Уйларды айдоо маалы болуп калгандыктан Айтеңирди ойготуу үчүн Бактыгелди келет. Колун аркасына алып, чатырдын ичинде уктап жаткан балдарын тиктеп, жылмайып “Эй, балам, тур эми” деп ал да аракет кыла баштайт. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Акыры, Гүлзат менен Бакыттын “Айтеңирди ойготуу операциясы” ийгиликтүү аяктагандан кийин жумуш дагы да күчөйт. 

Гүлзат саап келген сүтүн жылытып, тартууга киришет. Аңгыча жаңы ойгонгон Арууна апасын айланчыктап, бал тили менен ар нерсени айтып берип турат. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Сүт тарткан машинанын үнү менен чубурай аккан сүт жана каймак жайлоо турмушу менен ызы-чууга толгон шаардын жашоосу канчалык бири-биринен айырмаланарынын далили сыяктуу.  

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Бул убакта Айтеңир атасы экөө малдарды айдап, башка жумуштарды кылышат. 

“Баары интернет тарткан жерге чыккысы келет” 

Суусамыр өрөөнү Кыргызстандагы көз жоосун алган жайлоолорго бай аймак. Гүлзаттар жыл сайын чыккан “Ворота” жайлоосу Суусамырдан 40 чакырымдай алыс.

Бул жерде тургундар көбүнчө боз үй же чатыр тигишет. Боз үйлөр көбүнчө конокторго арналып, өздөрү чатырда жашаган адамдардын саны арбын. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Коңшулардын үйлөрү бири-биринен бир топ алыс. Гүлзаттын айтымында, мурда кыргыздар жайлоого малга оттуу жерлерди тандап чыгышса, азыр интернет тарткан жерлерди карап чыгышат. 

“Жайлоого чыкканыбызга 12 жыл болду. Жаңы үйлөнгөндө кайненемдер чыгып, биз айылда калчубуз. Бирок кийинчерээк биз да чыга баштадык. Мурда баары журт тандап, коңшуларын карап келишчү эле. Азыр эми кайсы жерде интернет жакшы болсо ошол жерге чыккылары келишет. Биздин чатырдагы дөңдүн жанынан да интернет тартат. Кээде кеч киргенде кошуналар менен биз да дөңдөргө чыгып калабыз” , — дейт Гүлзат. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Түшкө маал 

Жайлоодо түшкө чейин убакыт укмуштай бат өтөт. Гүлзат сүт тартып, төшөктөрдү жыйнаганга чейин эле түш болуп кетет. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Ал убакта Бакыт баласы Айтеңир менен малдарды айдап, кээде азоо аттарды минүүгө үйрөтүшөт. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Кылымдар мурда кыргыздар үчүн ат канчалык маанилүү болсо, азыр дагы бул нерсе өзгөрүүсүз калганын байкоо кыйын эмес. Анткени аттар, жайлоодогу адамдар үчүн бир гана транспорт эмес жашоосунун бир бөлүгүнө айланып калган. 

Жумуштарды бүтүрүп алып үй-бүлө тамакка отурат. Үстөлдүн үстүндө сөзсүз түрдө кымыз жана жаңы тартылган каймак болот.

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

“Дедлайны жок, капарсыз жашоо” 

Жайлоодо түштөн кийин бир саамга болсо да убакыт токтоп калгандай сезилет. Кол сунсаң жетчүдөй болгон булуттар менен асман тиреген тоолор адамды аргасыз “Мен бул тоолорду эмнеге күн сайын көрбөйм?” деген ойго түртөт. Ал эми жайлоодогулар капарсыз, эч жакка шашпай жай турмушун уланта беришет. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Кызыгы, интернет үйдөн тартпай телефон дээрлик колдонулбаганы үчүн, Гүлзаттын балдары күчүктөр менен ойноп, ат минип убакыт өткөрүшөт. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Гүлзаттын айтымында, жайлоодон айылга баргандан кийин бир мүнөт ордунда турбаган Арууна телефонду колуна кармап, дивандан турбай жатып калган күндөр болот.

“Жайлоо сонун да. Таза аба, көп нерсеге башың оорубайт. Биз деле эртеден кечке тыным албайбыз. Бирок айылдагыга салыштырмалуу интернеттин тартпаганы жана электрди үнөмдөгөнүбүз үчүн балдар телефондон узак. Болбосо эки жаштагы кызым Арууна айылда телефон кармаган боюнча турбай жата берчү. Азыр көп балдар ошондой, бирок балдарым бул жакта мурдагыдай ойноп жүрүшкөнүн көрүп кубана берем”, — дейт Гүлзат. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

“Жайлоого чыкпай калсак жаман болобуз” 

Жайлоодо Гүлзат баласы Айтеңир, кээде жолдошу Бактыгелди менен ар эки саатта бээ саап турушат. Шамалдан жүзү кызыл тартып турган Гүлзат, “бул бээ тээп салышы мүмкүн” деген ойду эбак унутуп койгондой.

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Ак чакасын көтөрүп, шашпай бээлер байланып турган жерге келип саай берет.

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Бул убакта Бакыт да жубайына жардам берип, малдарды карап жүргөн болот. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Бактыгелдинин айтымында алар көп жылдардан бери жайлоого чыгып жүргөндүктөн жаз болгондо эле жайлоону эңсеп калышат.

“Жайлоо бул мен үчүн эң сонун жер. Мал багып, кымыз ичип өзүбүздүн жашообузду кыла беребиз. Апам былтыры кайтыш болуп калды. Болбосо кичине кезимден бери үй-бүлөм менен чыкчубуз. Азыр болсо өзүмдүн балдарым менен чыгып жүрөм”, — дейт. 

Жайлоонун бир гана жаман жери даараткананын жоктугу. Кең талаа жана жерге жабыша өскөн бою анча чоң эмес дарактар дааратканын ордун алмаштырган. Бул шаардан же чет өлкөдөн жаңы келген адам үчүн ыңгайсыздык жаратары бышык. Бирок жергиликтүүлөр буга көнүп деле калышкан. 

“Кыздарыбызды да жайлоодон түшкөн каражат менен окутабыз”

Бактыгелдинин үй-бүлөсүнүн кирешеси толугу менен мал жандыкка байланган. Гүлзаттын айтымында, улуу кыздарын жайлоодон түшкөн акча менен окутушат. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

“Өзүм университетти бүткөн жокмун. Бактыгелди деле окуган эмес. Бирок балдарыбызды окутабыз деп максат койгонбуз. Улуу кызым медицина тармагына окуйм дегенде Медициналык Академияга тапшыр дедик. Бирок бизди аядыбы, айтор, колледжге фармацевтикага тапшырам деп болбой койду. Азыр ошол тармакта окуйт. Андан кийинки кызым да колледжде. Экөөнө ай сайын каражат жөнөтүп турабыз. Кээде кыйналсак да, өзгөчө кыздарды окутуш керек деп ойлойм”, — деп айтат. 

Гүлзаттын жалгыз уулу Айтеңир болсо, чоңойгондо милиция болсом деп кыялданат. Бирок жалгыз уул болгон үчүн кийин ою өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин белгилейт. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

“Үйдөгүлөр мени окутабы, билбейм. 9-классты бүтүп кетейин десем болбой жатышат. Азыр 8-класста окуйм. Жалгыз бала болгон үчүн айылда эле калсам керек деп ойлойм. Эми келечекте дагы ойлор өзгөрүп кетиши мүмкүн”, — дейт Айтеңир. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Ал ортодо убакыт билинбей эле өтө берет. Сүт саалып чаначка куюлуп, кымыз бышылат. Андан кийин кайра эле мал кароо уланат. 

Чайыттай ачылган күн булуттардын арасына жашынып, бат эле кеч кире баштайт. Көпчүлүк учурда күн кантип өткөнү билинбей деле калат. Күүгүм кире баштаганда кайра эле уй, бээ саай турган учур келет. 

Кызыгы бул учурда Гүлзатты эле карап отура бербей Айтеңир өзү эле уйларды саап коёт. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Жакын жашаган коңшулары да бээлерин өздөрү саайт.

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Бул бир гана шаарда эмес, алыскы жерлерде да “аял менен эркектин жумушу” деген түшүнүк бир аз болсо да жоголуп баратканынан кабар бергенсийт. 

“Туристтер келсе баарыбыз үчүн жакшы болмок” 

Күүгүм убак. Мал жайланып бүтүп калганда үй-бүлө мүчөлөрү кичинекей чатырына киришет. Меште жагылган от үйдү жылытып, өчөөрүнө аз калган фонариктин жарыгы тийип турат. 

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Гүлзаттын айтымында, эгер кыргыз маданиятына кызыккан туристтер келсе, жайлоодогу карапайым адамдар үчүн абдан жакшы болмок. 

“Бизге мурда бир жолу Европадан туристтер келип, жашап кетишкен. Аларга тамак жасап, тоого алып чыгып, ат мингизип сейилдеткенбиз. “Чыныгы кыргыздар силердей болуп жашайт турбайбы” деп жаратылышыбызга суктанышкан. Бизге да жакшы акча төлөп беришкен. Ушундай туристтер көп келсе, кыргыз маданиятын таанытып, бизге окшогон карапайым адамдарга да бир топ жакшы болмок беле деп ойлойбуз”, — дейт.

Кечинде жайлоонун көркү күндүзгүдөн да кооз болот. Анткени миллиарддаган жылдыздар кол сунсаң жете тургандай аралыкта болгондой көрүнөт.

#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 
#ЖерТам: “Мурда журт тандап жайлоого чыгышса, азыр интернет тарткан жерге ашыгышат” 

Бул убакта Гүлзат төшөк салып, балдарын жаткырат. Бактыгелди да талаада малдарды карап чарчагандыктан эч нерсени сезбей уктап калат. Эң акырында гана Гүлзат уктайт. Ал эми «Ворота» жайлоосу бул убакта эбак караңгылыкка сүңгүп кирет. Асмандагы жылдыздар жана чексиздей сезилген мейкиндик гана эртең кайра ошол эле окуялар кайталанып, таң атып кеч кире турганын эстеткен сыяктуу. 

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт».

Даярдаган: Гулиза Урустамбек кызы 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты