#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”

Чүй облусунун Токмок лесхозундагы Ак-Бешим участогунда жайгашкан токой чарбасына 2022-жылдын жазында президенттин “Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында 10 гектар жерге жаңгактын көчөттөрү отургузулган. Бирок ал көчөттөр тигилгени менен, суу жетпей куурап калганын Токмок шаарынын жашоочусу Жумгалбек Токтоналиев аттуу жаран жазып чыккан. 

“ПолитКлиника” медиасы #ЖерТам долбоорунун алкагында Токмок шаарында жайгашкан аталган токой чарбасына барып, окуяны жеринен көрүп, тартып келди. 

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”

“10 гектар жерге тигилген көчөттөр куурап калды”

Токмок шаарынын тургуну Жумгалбек Токтоналиев токойчунун үй-бүлөсүндө туулуп, ушул жерде чоңойгон. Убагында атасы менен дал ушул токой чарбасына бак-дарактарды тигип, өстүрүп келишкен. Ошондон улам аталган токойдун келечегине дайыма маани берип, көз салып келет. Бирок бул жолу президенттин “Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында иш алып барган мамлекеттик уюмдар көчөттөрдү жеткиликтүү кылып өстүрүүгө аракет кылышпаганын, анын кесепетинен 10 гектар жерге тигилген көчөттөр куурап калганын айтып кейийт. 

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”
Жумгалбек Токтоналиев

Токтоналиевдин айтымында, 2022-жылдын жаз айларында Токмок лесхозунун Ак-Бешим участогундагы токой чарбасына, Айыл чарба министрлигинин Токой кызматынын Чүй токой аңчылык чарбасы 10 гектар жерге жаңгактын көчөттөрүн отургузушкан. Шарт боюнча ал жерге жаңгактын чоңоюп калган көчөттөрү тигилиши керек эле. Бирок 20-30 см болгон көчөттөр отургузулган:  

“Ал көчөттөрүнүн көбү өспөй эле куурап калды. Мен бул боюнча маалымат жыйын бергенден кийин куураган көчөттөдүн ордуна кайра жетилип калган көчөттөрдү келип тигип кетишти. Демек, мурдагы көчөттөрдү алар отчет үчүн эле тигип коюшкан. Мисалы, жылына 6 миллион көчөт тигилет экен. Анын бир көчөтү 100 сом болсо, 6 млн көчөт 600 млн сом болуп атпайбы. Бул деген мамлекеттин казынасына чоң залакасын тийгизип жатпайбы. Экинчи жагынан, 20-30 жылдан кийин биздин токоюбуз эмне болот деп тынчсызданып жатам. Тилекке каршы, Кыргызстанда токойлорду отургузуу шоуга айланып кетти. Аны токой чарбаларынын адистери эмес, пиарчылар жасайт. Мисалы, жакында эле токойдогу бир топ теректерди мыйзамсыз кыйып салышты. Тиешелүү кызматтар токойлордун кийинки келечегин ойлобой жатышат”, — дейт Жумгалбек Токтоналиев

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”

“Көчөттөр суу менен камсыздалбай, куурап калды” 

Буга чейин, тагыраагы 10 жылдан ашуун убакыттан бери Ак-Бешим участогунда жайгашкан токой чарбасында токойчу болуп иштеп келе жаткан Камчыбек Өмүралиев суу жетпегендиктен көчөттөр курап калганын айтат:

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”
Камчыбек Өмүралиев

“Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында 10 гектар жерге жаңгактын көчөттөрүн тигебиз” деп Чүй Токой аңчылык чарбасы мага көчөттөрдү алып келишти. Мен көчөттөрдүн бардыгын туугандарым менен отургуздум. Кийин сугарайын деп суу башына барсам, “силердики жазылган эмес”  деп суу бербей коюшту. Убакыт өтө берди, суу жетпегенден улам көчөттөр четинен өлө баштады. Биз, келинчегим экөөбүз “көчөттөр куурап калбасын”  деп эки жолу сууну уурдап түнкүсүн сугардык. Андан кийин дагы бир нече жолу чарбанын жетекчиси Чукумбаевге “суу сурап бербесеңер, көчөттөр куурап калат” деп айттым. Бирок маани бербей коюшту. Жыйынтыгында көчөттөрдүн көбү өлүп калды. Мындан башка үч гектар жерге да өрүктүн көчөттөрүн тиккенбиз. Ал көчөттөр дагы кагырап куурап, өспөй калды”, — дейт Камчыбек Өмүралиев

“Бейтапканада жатсам, жумуштан алып салышты”

Токой чарба адисинин айтымында, көчөттөр сугат суусу менен камсыздалбай, алгач куурап, өлүп калган. Алардын куурап калгандыгына аны күнөөлөп, Чүй токой чарбачылыгынын жетекчилиги жумуштан алып салган:

Мен бейтапканада жатсам, мага, “жумуштан алып койдук” деп айтышты. Бул жерде менин күнөөм жок да, же мен сугатчы болбосом. Менин айлыгымды деле беришкен жок. Тескерисинче, мен жумуштан кеткенден кийин “унчукпай эле койчу” деп көптөрү суранышты. Бирок кызылдай акчага сатылып алынган көчөттөр өлүп жатпайбы. Бул жерде менин кызматым токойду гана кайтаруу болчу. Өздөрү сугатчы алып, көчөттөрдү жакшылап карашы керек эле да. Мисалы, өлгөн көчөттөрдүн ордуна кечээ жакында эле жаңы көчөттөрдү тигип кетишти. Менимче, алар деле куурап калат. Качан эле ноябрда көчөт тикчү эле”, — дейт токойчу Камчыбек Өмүралиев.

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”

Баса, биз ал жерде тартуу иштерин жүргүзүп жатканыбызда токой чарбасынын буга чейинки токойчусу Камчыбек Өмүралиевдин ордуна келген Кылычбек аттуу жаран суу сүрүп келип, көчөттөрдү сугарып баштады. 

Мен бул чарбачылыкта иштеп жатканыма бир аптадай болуп калды. Азыр талаа иштери аяктаганына байланыштуу суу бош экен. Жыгып келип, сугарып жатам”, — деди ал. 

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”

“Биздин чарбачылыктан бир тыйын дагы чыгым келтирилген жок”

Аталган маселе боюнча Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Чүй токой аңчылык чарбасынын башкы токойчусу Динара Бектурсуновага кайрылдык. Ал көчөттөр куурап калды деген маалыматты четке какты: 

Социалдык тармактарга тарап жаткан, 11,61 сотук жерге отургузулган көчөттөрдүн баары куурап калды деген маалымат туура эмес. Себеби, ал жерге отургузулган көчөттөрдүн бойлору кичинекей болчу. Биз жыл сайын күзгү толуктоо иштерин жүргүзүп турабыз. Быйыл, үч жүздөй көчөт толуктоо иштерине кетти. Биз күзгү инвентаризация убагында эсептеп чыкканыбызда 66 пайызды түзгөн. Бир гектар жерге токсондон көчөт туура келип, 22 гектар жерге эки миңдей көчөт тигилген. Бирок Чүй токой аңчылык чарбасына бир тыйын дагы чыгым келтирилген жок. Себеби, ал жер ижарага берилген. Бизден ижарага алган адам көчөттөрдү таап берүүбүздү суранды, биз таап бердик. Эгерде ушул убакытка чейин көчөттөр сугарылбай турса, анда көчөттөр 100 пайыз куурап калмак да. Бирок токойчу мага бир дагы жолу келип, “суу берилбей, көчөттөр сугарылбай атат” деп айткан эмес”, — деди ал. 

#ЖерТам: “Президенттин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөр куурап калды”
Динара Бектурсунова

Ошондой эле Динара Бектурсунова Чүй токой аңчылык чарбасынын мурдагы токойчусу Камчыбек Өмүралиевдин жумуштан көчөттөрдү малга жедирип ийгендиги үчүн алынгандыгын айтты: 

Бейтапканада жаткан адамды биз кызматтан ала албайт болчубуз. Ал киши бир эле көчөттөрдү эмес, ары жактагы башка көчөттөрдү дагы малга жедирип, талкалатып ийген да. Жумуштан алынышына ошол дагы себеп болду. Ал киши тарабынан мага бир дагы жолу арыздануу болгон эмес”, — дейт Динара Бектурсунова. 

Ал эми Токмок шаарынын тургуну Жумгалбек Токтоналиев айтып жаткан теректер боюнча “Теректерди текшерүү учурунда 685 терек кыйылган. Арасында 21 терек мыйзамсыз кыйылып кеткен. Мыйзамсыз кыйылган теректер боюнча ошол жердин токойчусу 21 миң сом айып-пул төлөдү”, — дейт ал. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров ушул жылдын март айында Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында Кыргызстан боюнча “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын баштаган.

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Автор: Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты