#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“ПолитКлиника” медиасына он жылдан бери жолдошунан кордук көрүп келе жаткан Ысык-Көл облусунун Айнура (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу тургуну кайрылды. Айнуранын жолдошу милиция кызматкери. Күйөөсү балдарын бербей, келинчегинин документтерин катып алгандыктан Айнура ажырашуу үчүн сотко арыз жаза албай жатканын айтат. Алдыда, “ПолитКлиника” медиасы “ЖерТам” долбоорунун алкагында Айнуранын башынан өткөн оор турмушун баяндап берет. 

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

Он жылдан ашык убакыттан бери жолдошунан кордук көрүп келе жаткан Айнура башында жолдошуна турмушка чыккысы келбей, жүрөгү бир нерсени сезгендей, кыйылып жатып ага турмушка чыгууга макул болгонун айтат:

Жолдошум милиция кызматкери. Башында баш кошолу дегенде мен каршы болгом. Бирок “Мен сени эч кимге кор кылбайм” деп аркамдан чуркап туруп алды. Анда мындай зөөкүр экенин кайдан билдим. 2009-жылы баш кошуп, 2010-жылы балалуу болдук. Ошол жылдын июнь айында үйгө мас абалында келип, эже-сиңдимдин, кайненемдин көзүнчө биринчи жолу кол көтөрдү. Кайра кечирим сураганынан, мас экен деп унчукпай, анысына деле көз жумуп койдум. 2012-жылы кыздуу болдук. Кызым бир жарым жаш болуп калганда болбогон сөз үчүн эле сабады. Анда дагы кайненемди “балаңыз сабап атат” деп чакырсам, келбей койду. Анан гана өзүмдүн апама чалып, “мен жашабайм” десем, апам келип “Ортодо эки бала бар. Балдарды чайналтпай тынч жашагыла” деп, кайра эле экөөбүздү элдештирип коюп кетти. Ошону менен үй салып, тынчып калдык”.

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“Ызаланып, өз өмүрүмө кол салдым…”

Каарманыбыздын айтымында, убакыт өткөн сайын жолдошунун кол көтөргөнү көбөйгөндөн көбөйө берген. Ал тургай бир жолу көгала кылып катуу сабап салган. Ызаланган Айнура өз өмүрүнө кол салганын айтат: 

Эсимде, 2019-жылы көгала кылып сабап, ооруканага жатып калдым. “Балдар эле керек болуп, менин керегим жок болсо, өлүп эле калайынчы….Өлө берейинчи…” деп атайын дары-дармектерди ичип алгам. Ошол күнү ата-энем үйгө келип калыптыр. Мен алардын келгенине деле көңүл бурбай, төшөктөн тура алган жокмун. Апам жаныма келип тургузса, колум тырышып, “ай, бул дары-дармек ичип алган турбайбы…” деп эле бейтапканага алып жөнөштү. Ал жерден бардык керектүү процедураларын жасап, мени бир өлүмдөн алып калышкан. Ошондо кызым “апа, өлбөчү, өлбөчү! Мага керексиз” деп чырылдап ыйлаганда өзүмө келдим. Ал жерден да жолдошум жалдырап кечирим сурап, “Экинчи кол көтөрбөйм! Экинчи мындай кайталанбайт! Кечирип койчу…” дегенинен, “Макул, ортодо балдар бар эмес, алар үчүн жашайын” деп кечирдим. Ошондо жолдошума “сенин сабаганыңа балдар үчүн чыдайм. Мен кетпейм. Мен кете турган болсом, кайра келбегендей болуп кетем” деп айткам”. 

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“Балдарга деле бактылуу балалык тартуулаган жокпуз”

Айнуранын айтымында, жолдошу берген убадасына турбай, келинчегине кол көтөргөнү калбай, дагы деле улана берген. Ал тургай Айнуранын жумушка чейин көгала болуп барган күндөрү болгон. 

Мени күйөөм эч себепсиз эле сабай берчү. “Сенин тилиң узун, укпайсың” деп кол көтөрүп, көгала болгуча сабаган күндөрү болду. Анын оюнда мен бүжүрөп эле үнүм чыкпай, сүйлөбөй жашашым керек экен. Ортодо беш балабыз бар. Кичүүсү он айлык. Учурда эки балам күйөөмдө. Балдарга деле бактылуу балалык тартуулаган жокпуз. Бир жолу улуу балама дагы кол көтөрдү. Ал чырылдап эле ыйлап калды. Бала да, тез эле анысын кайра унутуп калды”, — дейт каарманыбыз.

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“Эл эмне дейт деп…”

Айнура мурда эле жолдошу менен ажырашып кетүүнү чечкен. Бирок ата-энесинин “эл эмне дейт?” деген сөзүнөн кийин кайра жашап калган. Жолдошунун тынбаган зордугунан бир кулагы укпай, башы да көп ооруйт. 

Апамдарга эмне, ал келип, кечирим сурап койсо эле болду да. “Эл эмне дейт?” деп кайра биз эле кыйналат экенбиз. Он жылдан ашык убакыттан бери нерв болуп атып, азыр көздөрүм тартып, башым эле ооруйт. Нервден колдорум калчылдап, сүйлөгөндө беттерим титиреп турат. Бир кулагым да укпай калды”. 

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“Күйөөм бир тууган эжеме да кол көтөрдү”

Учурда жолдошу Айнуранын документтерин катып, бербей, балдарын көрсөтпөй келет. Каарманыбыз мындан улам ажырашуу үчүн сотко арыз жаза албай жаткандыгын айтып кейийт.

Күйөөм акыркы жолу менин бир тууган эжеме да кол көтөрдү. Ал эжемди катуу түртүп жибергенде колу менен жерди таянып калган. Ошондо эжемдин колу чыгып кетиптир. Биз бул боюнча да милицияга арыз менен кайрылганбыз. Бирок иш каралбай эле жабылып калды. Айтор, күйөөм милиция кызматкери  болгон үчүн ишти карабай жатышат окшойт, билбейм. Азыр сотко ажырашуу тууралуу арыз жазайын деп документтеримди ала албай убараланып жатабыз”, — дейт Айнура. 

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“Ишти сотко жеткирбей эле жаап салышыптыр”

Айнура бул иш боюнча укук коргоочу Камил Рузиевге кайрылган. Ал төмөнкүлөргө токтолду:

#ЖерТам: “Жолдошум көгала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарымды бербей жатат”

“Ушул жылдын 23-августунда Айнура аттуу жаран бизге “Жардам бериңиз, күйөөм сабады” деп кайрылган. Күйөөсү милиция кызматкери экен. Ал келинчегине 2010-жылдан бери кол көтөрүп келет. Бирок келин бир да жолу милицияга арыз менен кайрылган эмес. Азыр жолдошу балдарын алып кетип калыптыр. Анысы аз келгенсин үйүн бекитип, документтерин бербей жатыптыр. Учурда Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өтүп жатат. Ошондой эле эжесин да сабаптыр. Анын колу чыгып кеткен. Бирок ишти сотко жеткирбей эле жаап салышыптыр. Биз учурда ал ишти дагы ачтырганга аракет кылып атабыз”.

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Автор: Кымбат Турдубекова

Сүрөт: Инсан Бакиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты