ЖЭБде жабыркаган кызматкер ооруканага жаткырылды

  • 3 недели мурун

Бишкек жылуулук электр борборунда жабыркаган кызматкер шаардык №4 ооруканага жаткырылды.

ЖЭБ басма сөз кызматынын ЖМКга 11-апрелде берген маалыматтары боюнча, 10-апрелде саат болжол менен 05:20 да тогузунчу лента конвейеринен онунчуга толтурган жерде көмүрдүн майда калдыктарынан тутанган өрттү өчүрүүдө анда иштеген кызматкер этитсыздыктан күйүккө кабылганы айтылат.

Жабыркаган кызматкер №4 ооруканага жаткырылган.   

ЖЭБ адаттагыдай эле иштеп жаткандыгы белгиленди.

Буга чейин «Кактус Медиа» басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, ЖЭБДе көмүрдүн майда калдыктары өрттөнүп, бир киши жабыркаганы тууралуу жазган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты