Кыргызстандын жараны Литвада каза тапты
- 1 неделя мурун
3-майда Кыргыз Республикасынын Д.И. аттуу жараны Литванын Шауляй шаарынын республикалык ооруканасында каза болду.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 5-майда билдирди.
Кыргызстандын жараны Литвада каза болгону тууралуу маалымат алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчилиги маркумдун жакын туугандары жана оорукана кызматкерлери менен байланышты. Анын сөөгүн Мекенине кайтаруу боюнча жол- жоболорду жүргүзүү иштерин баштады.
Ошондой эле Литва аймагында жүргөн мекендештердин жардамы тартылды.
Беларустагы элчилик Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилиги менен бирге маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууну тездетүү иштерин улантууда. Ошондой эле ар тараптуу консулдук жардам көрсөтүп, туугандары менен байланышта болууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




