Үч кызматкер Россиядан каттоодон чыгарылбаган унааларды мыйзамсыз каттоого шектелүүдө

  • 1 месяц мурун

Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун системасында автотранспорт каражаттарын каттоодо Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмыш белгилери бар факт аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Айрым жарандар Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун кызматкерлери Ш.А.А., М.Д.М. жана Ш.у.К. менен сүйлөшүп алып, акчалай сый акы үчүн Россияда каттоодон чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз түрдө катташкан.

УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иши боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун «Биримдик 24» бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерин жана бардык тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Үч кызматкер Россиядан каттоодон чыгарылбаган унааларды мыйзамсыз каттоого шектелүүдө
Үч кызматкер Россиядан каттоодон чыгарылбаган унааларды мыйзамсыз каттоого шектелүүдө
Үч кызматкер Россиядан каттоодон чыгарылбаган унааларды мыйзамсыз каттоого шектелүүдө


Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты