ЖЭБде авариядан жабыркагандар курортология институтунда реабилитацияны улантат

  • 3 месяца мурун

10-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен бирге ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү. Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты