Жаза аткаруу кызматы киши өлтүрүүгө шектелген Кумарбек Абдыров асынып алгандыгын билдирди
- 2 месяца мурун
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелген жана башка киши өлтүрүү фактыларын мойнуна алган делген Кумарбек Абдыров Жаза аткаруу кызматынын абак жайында шымына асынып каза тапкандыгын билдирди.
Жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы киши өлтүрүүгө шектүү Абдыровдун өлүмүнүн чоо-жайын кабарлады.
Шектүү Кумарбек Абдыров 1984-жылы туулган, Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында 7-февралда болжол менен саат 12:30да өз шымына асынып алгандыгы айтылат.
Окуя болгон жерге ЖАМК тергөө-оперативдик тобу, атайын прокуратура өкүлдөрү барган. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп, тиешелүү экспертиза дайындалган.
Бишкектеги СИЗО-1 абак жайына шектүү Абдыров 2025-жылы 17-декабрда камалган.
17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыров тергөө абагында асынып кзаа тапканын айрым ЖМК күч структураларындагы жеке булактарына таянып жазды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) аны ырастаганы белгилүү болгон. Бирок ЖАМК чоо-жайын билдире элек болчу.
2025-жылы 27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 2025-жылы 27-сентябрда болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган.
Шектүү Абдыров Кумарбек ошол эле күнү Айсулуу Мукашеваны Honda Stream үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Бул кылмышка шектүү Кумарбек Абдыров башка да кылмыштарды жасагандыгын мойнуна алган.
Сүрөт: Шектүү Абдыров. ИИМ басма сөз кызматы




