Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыров тергөө абагында каза тапты

  • 1 месяц мурун

17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыров тергөө абагында асынып кзаа тапканын айрым ЖМК күч структураларындагы жеке булактарына таянып жазды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны ырастаганы белгилүү болду.

27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 27-сентябрда болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган.

Шектүү Абдыров Кумарбек ошол эле күнү Айсулуу Мукашеваны Honda Stream  үлгүсүндөгү  авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. 

Бул кылмышка шектүү Кумарбек Абдыров башка да кылмыштарды жасагандыгын мойнуна алган.

Сүрөт: Шектүү Абдыров. ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты