Айсулууну өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды

  • 10 месяцев мурун

17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы А.К. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу “Азаттык” ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтканы боюнча билдирди.

Эми ишти Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тергемекчи.   

27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

27-сентябрда болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.

Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream  үлгүсүндөгү  авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Президент Садыр Жапаров  балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов билдирди.

Сүрөттө: шектүү. ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты