“Сулайман-Тоо” музей-комплекси курулуш курууга жол берилбей турганын билдирди

“Сулайман -Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгарууну демилгелей турганы тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин пикирине “Сулайман-Тоо” улуттук-тарыхый-археологияык музей-комплекси мыйзам менен корголуучу объект экендигин жана анда курулуш курууга жол берилбей турганын билдирди.  

“Жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келген бул маданий комплекс мамлекеттин жана эл аралык уюмдун катуу көзөмөлүндө. Бул мыйзамдык статустар жана ЮНЕСКОнун эрежелери тоонун тарыхый-жаратылыш келбетин сактоону, ага зыян келтире турган ар кандай курулуштарга жол бербөөнү талап кылат. Ошого байланыштуу, Сулайман-Тоо аймагында аркан жол салууга да жол берилбейт” деп билдирди “Сулайман-Тоо” музей комплекси.   

-Сулайман-Тоо — 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине «Ыйык тоо» номинациясы менен катталган Кыргызстандагы биринчи объект.

Сулайман-Тоо —Кыргыз Республикасынын «Стратегиялык объектилер жөнүндө» мыйзамы боюнча «В» категориясындагы объект болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамы менен корголот.

Сулайман-Тоо — табигый, тарыхый турпаты менен гана сакталат. Ашыкча курулмаларга мыйзамда белгиленген нормаларга ылайык уруксат берилбейт, -деп маалмыдады «Сулайман-Тоо» музей-комплекси билдирүүдө.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу чыгарууну маданият министрлигине сунуштаарын билдирди. Бул тууралуу мэр Exclusive KG маегинде айтты.

-ЮНЕСКОНун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен Сулайман-Тоону чыгарууну сунуштайм.  Өткөндө Нариман Түлеев Ошко келген. Ал киши бул жерде Сулайман парк деген чоң соода борборун куруп жатат. Ал айтат Сулайман парктын ичинен тоонун чокусуна чыгып келе турган, асма жолун, фуникуллер курайын десек, ЮНЕСКО макул болбойт дейт. Сулайман-Тоону тегеректете инвестициялык долбоорлорду алып келсек, бир нерсе куралы десек, ага да макулдук бербейт. ЮНЕСКОдон чыксак, чыгып эле кетели,-деди Жанар Акаев.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты