“Жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын көрүп жатабыз”. Президент жаштар форумунда сөз сүйлөдү
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыялымдагы Кыргызстан» Улуттук жаштар форумунда сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
-Өзүңөргө жакшы маалым, буга чейинки саясий тоз-тополоң, митингддер жалаң ушул шайлоолордон улам чыгып келген. Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, добуштарды каратып туруп эле сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз кылбоо көндүм эле көрүнүш болчу. Азыр эми андай болбойт, ага биз чекит койдук”. деп билдирди Садыр Жапаров.
-Шайлоо тилкелеринин баарын электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык, бир киши бир гана жолу добуш бере алат, ал ачык көрүнүп турат. Добуш сатып алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу дегенди тыкыр көзөмөлгө алып жатабыз. Ар бир шайлоочунун укугу корголо турган шарттарды түзүп бердик. Мамлекет тарабынан жасала турган иштердин бардыгын жасадык. Эми шайлоочулар абийирин таза кармап, ар-намысына келиши зарыл. Өз добушун арзыбаган тыйынга сатып, кийин бармагын тиштеп жүрбөшү керек.
-Акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын көрүп жатабыз. Жыйырма күндөн кийин, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланат. Шайлоого баруу – бул жарандык милдет, Мекен алдындагы жоопкерчилик,-деди президент.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: shailoo.gov.kg




