Жапаров климаттын өзгөрүүсү боюнча программалар үчүн атайын фонд түзүүнү сунуштады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде сүйлөп жатып, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштады.

«Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз. Атап айтканда, биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз», — деди президент.

Садыр Жапаров мындан тышкары климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. АКШ доллары керек экенин билдирди. Ал мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоп, Кыргызстан үчүн суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү экенине да токтолду.

Климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит 1-ноябрда башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга барышты. Садыр Жапаров анда Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди баштаган бир нече дүйнө лидерлери жана эл аралык каржылык уюмдардын жетекчилери менен жолукту.

Расмий сүрөт. Султан Досалиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты