Садыр Жапаров Глазгодо бир катар дүйнө лидерлери менен жолукту

  • 2 года мурун

Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бир катар мамлекеттин жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир, Армениянын президенти Армен Саркисян жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууларда лидерлер эки тараптуу кызматташуу жөнүндө талкуулашкан.

Президент Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушууда суу энергетикалык потенциалынын 15% гана пайдаланып жатканын белгилеп, өлкөдө эки жүзгө жакын кичи жана 30 ири ГЭС курууга болорун билдирген.

«Эгерде биз бул ГЭСтерди курсак, анда Кыргызстан толугу менен электр энергиясына өтүп, мазут же көмүрдөн баш тарта алат”.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты