Садыр Жапаров Кувейттин премьер-министр шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолукту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин саммитинин алкагында Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу байланышты мындан ары бекемдөө маселесин талкуулашкан.

«Мамлекет башчысы Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити өтүп жатат. Ага 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери катышууда. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты