“Андай былжырбай кайрылууларды окуганга убактым жок”. Жапаровдун Атамбаевге жообу
- 4 недели мурун
- Баяндар
Садыр Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Алмазбек Атамбаевдин энергетика тууралуу айткандарына жооп берди.
Мен анын кайрылуусун окуган жокмун. Андай «былжырбай» кайрылууларды окуганга убактым деле жок. Басма сөз катчым оозеки айтып бергенинен уктум,-деди Садыр Жапаров.
— Жооп бербей эле коёюн дедим эле. Келип калыпсың мейли жооп берейин эми. Капа болуп кайтпа, -деп, Садыр Жапаров жооп берди.
– Энергетика системасы боюнча башкасы сүйлөсө да, Атамбаев сүйлөбөй эле койбоптур да. Ага чейинкилер энергосистемабызды кризиске алып келген болсо, Атамбаев сазга батырган. Ошол саздан дагы деле чыга элекпиз. Кудай буюрса эмдиги жылы чыгабыз. Сөзүм куру болбос үчүн сандар, фактылар менен далилдеп берейин.
Салыштырып көргүлө. 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгон. 2010-жылдан 2020-жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллиард 323 миллион долларга жеткен. Айырма 10 эле жылда дагы 110 миллиард сомго көбөйүп кеткен. Салыштырып көрсөңүздөр.
1990-2010-жылдар 20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон 2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатат. Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом, же 1,5 миллиард долларга жеткен.
Бул сөз сазга тизесинен эмес, кекиртегинен да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган.
“Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан насыя алып эмгек акы берип калган”
-Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан үстөгү менен насыя алып, эмгек акы берип калат деген эмне деген маңкуртчулук. Мындай жорукту дүйнөдө эң артта калган мамлекеттер деле кылбаса керек. Мисалы, 2010-жылдан 2020-жылга чейин РСК Банктан 201 миллион сом үстөгү менен насыя алып, баса белгилеп айтам, болгондо дагы үстөгү менен алып энергетика тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөп жүрүшкөн. Мен муну куру сөз менен айтып жаткан жокмун. Кагаздардын баары банктын жана энергетиктердин архивдеринде «документально» турат.
2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин айлык акыларды төлөө үчүн деп биз банктан 1 тыйын алган жокпуз. Тескерисинче 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 137 миллиард сом карыздын 112 миллиард сомун жаап бүттүк. Калган 25 миллиард сом карызын эмдиги жылы жаап бүтөбүз. Энергосистемабызда 2020-жылга чейин коррупция, ар кандай жеке кызыкчылыктагы уурулук схемалар бар болчу. Биз анын баарын талкалап жок кылдык. Азыр ал жакта схема, уурулук деген жок. Ошон үчүн тездик менен карыздарынан кутулуп келе жатышат. 2027-жылы Кудай буюрса биринчи жолу кирешеге чыга башташат,-деди Садыр Жапаров.
«Майнинг-фермалар мамлекетке болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш
Садыр Жапаров майнинг-фермалар тууралуу мындай жооп узатты:
Бизде эки эле майнинг иштейт. Экөө тең менин көзөмөлүмдө. Бирөө — Кеминде, экинчиси — Камбар-Ата-2де.
Кеминдеги “Соларкоин” майнинг фермасы 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жатат. 100 пайыз Россиядан Казакстандын «КЕГОК» компаниясы аркылуу импорт транзит кылып келип иштетет. Баары ачык көрүнүп турат. Министрликтен текшерсеңер болот. Жашыруун эч нерсеси жок. Электроэнергия бул темир же көмүр эмес. Жашыруун өткөрүп кеткидей. Бизден 1 кВт албайт.
Биздин Казакстан менен чек арадагы 500 кВттык «Фрунзе» станциясынан баштап Кеминге чейин 1 кВтына 38 тыйын транзит да төлөшөт. Энергосистемабыздын эсебине алардын транзитинен түшкөн пайда бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион сом болду.
Республикалык бюджетке салык түрүндө 22 миллион сом төлөштү. Жумушчу орундарын түздү. Ток этер жерин айтканда, биздин өлкөбүзгө үч жагынан пайда алып келип жатат.
Камбар-Ата-2деги майнинг боюнча силерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Оозун чоюп демагог, популист болуп коррупция бар деп сүйлөп аткан саясатчыларга мындан ары майнинг жөнүндө сөз кылышса ишене бербегиле.
Ал майнинг дагы 30 МВт менен иштейт. Ал майнингди ГЭСке өзүбүз суранып жүрүп курдурдук. Эмне үчүн? 2009-жылы ал ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. Бирок жаңы трансформатор менен жаңы линия курулбастан андан чыккан энергия эски, баягы эле 60-жылдардагы трансформаторлор жана эски линиялар менен элге жиберилип турган.
Эски линиялар менен трансформаторлордун күчү 90 эле МВт болуп, 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген.
Ошол кубаттуулукту бекер кетирбей ошол 30 Мвт кубаттуулукту сатып алып жатышат. Ошол үчүн майнинг Камбар-Атанын ичине салынды. 2009-жылдан бери 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Бекер эле жоготуу болуп кала берген. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз.
Бул үчүн 2020-жылга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 11 жылдан бери бул станциядан 30 МВт жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес.
Биз буга көңүл буруп, мына ошонун негизинде «МБТ-Строй» компаниясы менен 2023-жылдын декабрь айында «Кыргызстан УЭТ» ААК жана «Электр станциялары» ААК тарабынан үч тараптуу келишим түзүлгөн.
Ал келишимде «Электр станциялары» ААК Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги 30 МВт жоготуу болуп келген кубаттуулукту «МБТ-Строй» компаниясы жана «Кыргызстан УЭТ» ААКтын тармактары аркылуу элге транзит кылуу макулдашылган.
Инвестициянын жалпы суммасы 1 миллиард 500 миллион сомду түзөт,- деди Садыр Жапаров.
Бул майнинг мамлекетибиз үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш. Себеби, 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 км жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт. Линиялар азыр деле мамлекеттики, -деди президент Жапаров.
Демек бул майнинг кимдир бирөөлөрдүн же министр менен менин кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.
Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп бүткөндөн кийин майнинг фермаларды өзүбүз издеп калабыз. «Келгиле бизге келип майнинг ферма ачкыла» деп жалдырайбыз. Анткени, энергияны кимге сатабыз деп азыр деле айрыкча жаз, жай, күз мезгилдеринде кардар издеп калган убак болот. Майнингдерди чакырып келтире албай калган убак деле 7-8 жылдан кийин келип калат, -деди Садыр Жапаров.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча мурдагы сын-пикирлерине Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берген.
Сүрөт: president.kg




