Жанар Акаев мандат алат. Жогорку сот биринчи инстанция чечимин колдоду
- 3 года мурун
Жогорку сот «Альянс» партиясына 3 квота бөлүү, алган добуштарынын саны боюнча жетинчи орунда турган Жанар Акаевдин ордуна квоталык негизде Токтобүбү Оргалчага БШКнын мандат берүү чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин колдоду.
15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп тааныды. “Альянс” партиясынан депутаттык мандат бериле тургандардын арасында Жанар Акаев жок болуп чыккан. Анын ордуна гендердик квота менен Токтобүбү Оргалчага берилмек.
15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобо менен жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.
Жаңы кабыл алынган жобого ылайык, “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон аял талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болду.
Бишкек шаардык административдик соту Жанар Акаевге мандат берүү чечимин кабыл алган.
28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
Сүрөт: Интернет булактарынан.