Шаар соту Жанар Акаевдин пайдасына чечти

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык административдик соту «Альянс» партиясынын арызын канаттандырарлык чечти.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө сот «Альянс» партиясынын арызын карап чыгып, БШКнын «Альянс» партиясына 3 квота бөлүү, алган добуштарынын саны боюнча жетинчи орунда турган Жанар Акаевдин ордуна квоталык негизде Токтобүбү Оргалчага мандат берүү чечимин жокко чыгаргандыгы айтылат.

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп тааныды. “Альянс” партиясынан депутаттык мандат бериле тургандардын арасында Жанар Акаев жок болуп чыккан. Анын ордуна гендердик квота менен Токтобүбү Оргалчага берилмек.  

15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобо менен жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык,  “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон аял талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болду.  

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Сүрөттө: Токтобүбү Оргалча жана Жанар Акаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты