Жогорку Кеңеш Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына жактырды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 24-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн президент тарабынан сунушталган Алмаз Калыбаевдин талапкерлиги каралды жана жактырылды.
Талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев кеңири маалымат берип, Алмаз Калыбаев соңку жылдары Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келгендигин билдирди.
Жогорку Кеңеш Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин колдоп берди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталганУрмат Маматкеримовдун талапкерлиги жактырылды.
Сүрөттө: Алмаз Калыбаев. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




