Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу мүмкүнбү? (Видео)

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев “Эксклюзив Кж” ютуб каналына берген маегинде Ош шаарындагы Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгаруу боюнча арыз менен кайрыларын билдирди.

Мэр бул кадамды Сулайман-Тоонун айланасын көрктөндүрүү, тургундар үчүн эс алуу шарттарын түзүү жана туристтерди көбүрөөк тартуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, ЮНЕСКОнун талаптары мындай иштерди жүргүзүүгө тоскоолдук жаратууда. Ушундан улам Сулайман-Тоого асма жол куруу планы да ишке ашпай калганын билдирди. 

Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгарууга мүмкүнбү? Бул тизмеде болуунун Кыргызстан үчүн пайдасы барбы же жокпу? Талдап көрөлү.

Сулайман-Тоо — уникалдуу тарыхый объект катары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Кыргызстандагы алгачкы объект. Ал 2009-жылы тизмеге киргизилген. 

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Сулайман-Тоого 369 миң турист келген.

Сулайман-Тоо мамлекет тарабынан корголуучу өзгөчө тарыхый объект болуп саналат жана бир катар мыйзамдар менен корголот.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин уставына ылайык, корук аймагында жаратылышка, тарыхый жана маданий мурастарга зыян келтире турган, ошондой эле музей-комплекстин максаттарына туура келбеген бардык иш-аракеттерге тыюу салынат.

Ал эми Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарын коргоо жөнүндө конвенциянын 4-беренесине ылайык, ар бир катышуучу мамлекет өз аймагында жайгашкан маданий жана жаратылыш мурастарын аныктоо, коргоо, сактоо, коомчулукка таанытуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү милдетин алат.

Башкача айтканда, Сулайман-Тоодо кандай гана ири курулуш же инфраструктуралык долбоор болбосун, анын дүйнөлүк мурастын баалуулугуна тийгизе турган таасири эске алынышы керек жана мындай долбоорлор ЮНЕСКОнун талаптарына шайкеш келиши зарыл.

Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киришинин кандай пайдасы бар?

ЮНЕСКО дүйнөдөгү эң таанымал эл аралык уюмдардын бири болгондуктан, анын тизмесине кирген объекттер туристтердин жана дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун арттырат жана эл аралык аброй алып келет. 

Экинчиден, финансылык жана техникалык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги объекттер эл аралык уюмдар, банктар жана башка институттар тарабынан колдоого алынат.

Мисалы, Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12,5 миллион доллар бөлүп берүү алдында турат. Реконструкция иштери күзүндө башталары маалымдалган.

Ал эми Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу оңой процесс эмес. Бул үчүн жүйөлүү себептер талап кылынат.

Дүйнөлүк мурастарды коргоо жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча колдонмодо объектти тизмеден чыгарууга алып келиши мүмкүн болгон бир нече негиз көрсөтүлгөн. Алардын бири — объекттин абалы олуттуу начарлап, аны дүйнөлүк мурас катары таанууга негиз болгон өзгөчөлүктөрүн жоготушу. Ошондой эле зарыл түзөтүүчү чаралар белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда объектти тизмеден чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн.

Бирок объектти тизмеден чыгарууга алып келе турган башка да жолу бар. Ал үчүн мамлекет ЮНЕСКонун сөзүн укпай “Асма” жол салабы же жокпу, өз ара чечим кабыл алышы керек. 

Буга Германиядагы Эльба өрөөнүнүн мисалын келтирүүгө болот. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Дрездендеги Эльба өрөөнүндө жергиликтүү бийлик жана Германиянын бийлиги ЮНЕСКОнун эскертүүлөрүнө карабастан, өрөөн аркылуу унаа көпүрөсүн курууну чечишкен.

Натыйжада Дрездендеги Эльба өрөөнү 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылган. 

А сиз кандай ойлойсуз, Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарыш керекпи же жокпу? Пикир калтырыңыз.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты