Оштун мэри Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгаруу демилгесин сунуштайт
- 2 недели мурун
- Видео, Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу чыгарууну маданият министрлигине сунуштаарын билдирди. Бул тууралуу мэр Exclusive KG маегинде айтты.
-ЮНЕСКОНун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен Сулайман-Тоону чыгарууну сунуштайм. Өткөндө Нариман Түлеев Ошко келген. Ал киши бул жерде Сулайман парк деген чоң соода борборун куруп жатат. Ал айтат Сулайман парктын ичинен тоонун чокусуна чыгып келе турган, асма жолун, фуникуллер курайын десек, ЮНЕСКО макул болбойт дейт. Сулайман-Тоону тегеректете инвестициялык долбоорлорду алып келсек, бир нерсе куралы десек, ага да макулдук бербейт. ЮНЕСКОдон чыксак, чыгып эле кетели,-деди Жанар Акаев.
Ош шаарынын мэри Акаев тоону кафе-ресторандарга толтуруу же аны көзөмөлсүз көчө соодасы жүргүзүлүүчү жайга айландыруу маселеси каралбай турганын белгиледи.
-Сулайман-Тоонун тарыхый баалуулугу сакталышы керек. Ошол эле учурда велосипед тебүү, жөө басуу жана эс алуу үчүн шарттар түзүлүшү зарыл. Бул туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт,-деди мэр Жанар Акаев.
Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




