Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэрлик кызматынан бошотулду жана бул орун жоюлду   

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен мэрдин орун басарлары Ж. Ырсалиев жана Т.Байгазиев кызматынан бошотулуп, алар ээлеген кызматтар жоюлду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди

Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси жана транспорттук блогу боюнча мэрдин орун басарларынын функцияларын аткаруу жана иштерин координациялоо отун-энергетика комплексинин департаментинин директору Н.  Курманбековго жана транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору У.Бейшенбаевге өткөрүлүп берилди.

Шаар башчысынын буйругу менен муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Б.Шеримбеков кызматынан бошотулду. Анын ордуна Т.Бекбоев дайындалды, ал буга чейин жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.  (Ырсалиев Жамалбек- ред.)  тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары аныкталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл жеңил типтеги 4 коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бул участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 млн.979 миң 889 сом зыян келтирилген.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты