Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камалды. Бүгүн, 16-июлда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төарагасы Камчыбек Ташиев “Туңгуч” кичи районуна барып, андагы жашоочулардын көйгөйлөрүн уккан.

Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин “Туңгучта” объектилери бар экенин, алты жылдан бери ижара акысын төлөбөй келгендигин билдирген жана  ошол жерден камакка алууга буюрган.  

«Шаар муниципалдык жер үчүн пайда табышы керек болчу, бирок Жамалбек Ырсалиев жерди акысыз пайдаланган. Мындайга жол берилбеш керек болчу. Чогулган материалдардын негизинде анын жоопкерчилигин карап чыгышыбыз керек» деди Ташиев.

Жамалбек Ырсалиев вице-мэр болуп, 2024-жылы май айында дайындалган.

Сүрөттө: Жамалбек Ырсалиев. shailoo gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты