“Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев 1500 чарчы метрдей жерди мыйзамсыз пайдаланган”. УКМК билдирүүсү
- 9 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж. (Ырсалиев Жамалбек- ред.) тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары аныкталганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл жеңил типтеги 4 коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.
“Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ы.Ж.С. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда (азыркы учурда Бишкек шаарынын мэринин орун басары) жеке баюу максатында өзүнүн кызмат абалын пайдаланып, жогоруда аталган коммерциялык объекттерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөн, алар Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксат берүүчү документтери жок иштеген, буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрүнүн түшпөй, олуттуу зыян келтирилген” деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамынын көрсөтүлгөн аракеттери Тунгуч кичи районунун жашоочуларынын арасында нааразылыкты жараткан. Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясы тарабынан сейил багын жана балдар ойноочу аянтчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылган. Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан объекттер демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бул участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 млн.979 миң 889 сом зыян келтирилген.
2025-жылдын 16-июлунда чогултулган материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана жаран В.Н.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Буга чейин вице-мэр Ырсалиевдин камалганы тууралуу маалымат тараган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөттө: Жамалбек Ырсалиев. Интернет булактарынан




