Temirov live иши: Тергөөчү Байышев акталган журналисттердин өлкөдөн чыгууга тыюу салуу чарасын жокко чыгара элек
- 4 недели мурун
Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Байышев Temirov-live иши боюнча сот тарабынан акталган журналисттердин өлкөдөн чыгууга тыюу боюнча бөгөт чарасын ала элек.
Бул тууралуу бул иш боюнча акталган журналисттер билдирди.
Алар 2024-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан акталган.
Ал өкүмдүн күчүнө киргенине жарым жыл убакыт болуп калса да, акталган журналисттердин өлкөдөн чыгууга тыюу салган бөгөт чарасы алынып салынган эмес.
Чек ара кызматынын расмий жообунда ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү К.Байышев ал иш боюнча журналисттерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Чек ара кызматы ошол тыюу салган тергөөчү Байышов бөгөт чараны жокко чыгарышы керектигин билдирди.
Журналисттер бир нече жолу Байышевге бул маселе боюнча кайрылышкан, бирок эмгиче тыюу салууну жокко чыгарууга жетише алышкан эмес.
Ленин райондук сотунун билдирүүсү боюнча, өкүм күчүнө киргенден баштап, өлкөдөн чыгууга тыюу салуу бөгөт чарасы алынып салынышы керек болчу.
2024-жылы 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды. Ал чечимге ылайык, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков акталды.
Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды.
Темиров LIVE долбоорунун журналисти, акын Азамат Ишенбековго президенттин мунапыс тууралуу жарлыгы менен ырайым берилди.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Сүрөт: Акталган журналисттердин бир тобу. 25-ноябрь 2024-жыл. «ПолитКлиника»
Иллюстрациялык сүрөт коллажы: «Апрель тв»