Өзгөн районунда аламан улактан кийинки таштанды үчүн уюштуруучуларга 5500 сом айып салынды   

  • 1 месяц мурун

Өзгөн районунда аламан улак уюштуруп, бирок таштандыны туш келди таштоого жол берген уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго 5500 сом айып салынды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.    

Аламан улак оюнун уюштуруп, анын айланасындагы жерде таштандыны туш келди таштоо боюнча Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды тазалоо иш-чараларын уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонду.

Мындан тышкары, аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 5 500 сом айып салынды.

Уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик массалык иш-чараларды өткөрүүдө айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын так сактоого чакырды.

8-февраль күнү Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында өткөрүлүп жаткан аламан улак тартыш маалында кырсык катталган. Баштапкы маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол эле, 8-февралда Өзгөн районунун Төрт-Көл аймагында аламан улак оюнун көрүүгө барган киши унаасы менен жардан кулап кетип, ооруканага жеткирилген.

Сүрөт: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты