Жаш төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

26-сентябрда “Асман” паркынын амфитеатрында 30 жашка чейинки төкмө акындардын арасында «Жаш булбул» республикалык айтышы өттү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага тандоо турунан өткөн 12 жаш төкмө акын катышты.

Айтыштын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Баш байге — Ырыскелди Темирбеков, биринчи орун — Алия Имерова, экинчи орун — Мажит Жакыпов, үчүнчү орунду Нурболот Темирали уулу алды.

«Жаш булбул» республикалык айтышы жаш төкмө акындарды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана айтыш өнөрүн жаштар арасында кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты