Өзгөндө унаасы менен жардан кулаган жигит аман калды

Бүгүн, 8-февраль күнү Ош облусунун Өзгөн районунун ТөртКөл айыл аймагында жол кырсыгы катталган.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.

Баштапкы маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 2000-жылы туулган А.А., өзүнүн автоунаасы менен Сузак районунан Өзгөн районуна бара жатып, рулдук башкарууну жоготуп, жол четиндеги жарга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, биринчи медициналык жардам көрсөттү. Каза болгондор жок.

Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Ал эми социалдык тармактарда ал улан улак тартышты көргөнү барганы айтылууда.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты