Өзгөндө аламан улакта кырсык болуп, улан каза тапты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 8-февраль күнү, Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында өткөрүлүп жаткан аламан улак тартыш маалында кырсык катталган.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
Баштапкы маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгөчейинки текшерүү иштери башталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Иллюстрациялык сүрөт: Ош ОИИБ
Муну бөлүшүү




