Зеленский Путин менен сүйлөшүүнү дагы сунуштады

Украинанын Президенти Владимир Зеленский кайрадан кайрылуу жасады. Анда Россиянын Президенти Владимир Путинге кайрылып, орус тилинде мындай деди:

-Дагы бир жолу Россиянын Президентине кайрылам. Украинанын бардык аймагында күрөш жүрүүдө. Адамдардын өлүмүн токтотуу үчүн, келиңиз, сүйлөшүү столуна отуралы, -деди Владимир Зеленский.  

 Ал буга чейин да Путин менен эки же бир нече тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган.

Орусиянын армиясы 24-февралдын таңынан бери Украинанын аймактарын сокку урууда. Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. Киевге жакын жерде орус десанты жүргөнү жана Украинага аннексияланган Крымдан орус аскерлери киргени кабарланууда.

Украин тарап Орусия кол салган алгачкы күнү 137 украин жараны курман болуп, 316 адам жаракат алганын билдирди. Азырынча орус тарап согуштагы жоготуулары боюнча расмий маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты